Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү процессинде блогер Н.Мотуевдин жарыялаган публикациясын аныктап, анда 1974-жылы 27-сентябрда Ош облусунун Алай районунда туулган К.Ш.Ш. аттуу жаран, КР УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин атын жамынып, Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу боюнча ири тендерди утуп алабыз деген шылтоо менен КР жараны М.Г.А.нын 210 миң АКШ долларын жана BMW X7 үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен тартып алган.
Жүргүзүлгөн аныктоо иш-чараларынан кийин М.Г.А.дан жазуу жүзүндөгү арыз алынып, ал жарыяланган видеороликте көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган..
Ыкчам-издөө иш - чараларынын жүрүшүндө К.Ш.Ш. кармалып, КР УКМКнын Штаб квартирасына жеткирилген жана ал сүйлөшүү учурунда күнөөсүн толук мойнуна алган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


