Евразия өнүгүү банкынын прогнозуна караганда, жакын арада Кыргызстанда баалардын көтөрүлү мүмкүн. Бул тууралуу макроэкономикалык серебинде  айтылат.

 

Белгиленгендей, 2017-жылдын үчүнчү кварталындагы инфляциянын жайлаганына карабай, орточо эсептеги перспективада баалардын өсүшүнүн тездеши күтүлөт. Буга ички суроо-талаптын кеңейиши негиз болууда.

 

Кыргызстандын соода өнөктөштөрү импорттук бааларга таасир көрсөтпөйт. Инфляциялык тобокелчилик электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтик саясатта жатат.