“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында учурда 656,8 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, каражатты 1 мин 554 айылдык товар өндүрүүчү алды.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.

Долбоор элеттеги товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.