Туура бир жума мурун Президент саламаттыкты сактоо тармагындагы жооптуу кызматкерлер менен кеңешмеде "Кыргызфармацияга" каражат бөлүнбөй жатканы боюнча маселени көтөрүп, тийиштүү чиновниктер уруш уккан.
Кеңешмеде мамлекет башчы ошол аткаминерлерге бир жума ичинде акча каражатын бөлүп берүүнү же иштен кетүүгө арыздарын жазууну эскерткен.
Учурда тапшырма аткарылды — 1 миллиард сом "Кыргызфармацияга" которулду.
Бул деген мекеме дары-дармекти заводдордон түз ала алат дегенди түшүндүрөт. Ага жараша эл үчүн дарылардын баасы алда канча арзан болоору белгилүү.