Мындай маалыматты Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Евразия чөлкөмүндөгү экономикалык, социалдык абалга көз салып турган комиссиянын айтканына ишенсек, 2022-жылдын июлунда Кыргызстандагы жумушсуздук 5,6 %га кыскарган.
ЕАЭБдин алкагы боюнча алганда, жумушсуздардын саны 28,8 %га кыскарыптыр. Россияда – 37,2 %га, Арменияда – 14,9 %, Белорусияда – 9,6 %га кыскарган.
Элди жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында да бош вакансиялардын саны көбөйгөн. Атап айтканда, бул көрсөткүчтүн көрсөткүчү ЕАЭБ өлкөлөрү арасында төмөндөгүдөй: Белорусияда – 1 %, Арменияда – 8,7 %, Россияда – 0,5 % болсо, Кыргызстанда – 4 %га көбөйгөн.
Булак: “Майдан. kg” гезити