Бишкек, “Саясат.kg”. “Чоң Казат” кыймылы чектен чыгып баратканын так кесе айтып коюу – милдетибиз.

Жакындан бери социалдык тармактарда “Чоң Казат кыймылы” деген пайда болуп, анын мүчөлөрү элди ачыктан ачык байлардын байлыктарын талап тоноого, же кандуу төңкөрүшкө чакырууда. Алардын уюштуруучулары, жетекчилери кимдер экендиги, мүчөлөрүнүн саны эч кимге белгисиз, бирок өздөрүн “альтернативдүү бийлик” деп жарыялашып, мүчөлөрүнүн катарлары 10 миңге жетсе эле байлардын менчигиндегилерди күч менен тартып алып,  аларды элге бөлүштүрүп беребиз деп чамынып жатышат.

Бул жылмалабай түз айтканда, ачыктан ачык кан төгүүгө, коомду экиге бөлүп, тикеден тике кагылыштырууга чакыруу болуп саналат. Анткени, байыбы, кедейиби, капчыгындагыларды айтпай эле коёлу, эч кимиси колундагыларын, менчигиндегилерди “ме алгын” деп жөн эле бере койбойт. Алардын деле тарапташтарын, тилектештерин уюштуруп, тийиштүү нерселер менен камсыз кылып, оолуккандарды  тез эле эстерине келтирип коюу колдорунан келет. Бирок, эч качан кырдаалды андай деңгээлге жеткирбөө керек, антсе эл бөлүнүп, тирешкен, жаатташкан жаңжал көбөйөт. Менчигине тийишкенде мышык деле жолборско айланып кетет.

Цивилдүү дүйнөдө менчиктин кандай түрү болбосун, өзгөчө жекече жарандардын колдорундагылар адамдын туулганда кошо жаралган императивдүү укуктарындай эле кол тийгис, ыйык нерсе катары эсептелет. Адамдын менчигиндегилерге кол салуу – кылмыштын эң оор түрлөрүнө кирет. Ошондуктан казатчыларды, азатчыларды, тартып алуучуларды жана бөлүштүрүүчүлөрдү  жээликтире бербестен кечиктирбей мыйзам чегинде  адекваттуу  катаал чараларды көрүп, андай көрүнүштөрдүн мындан ары кайталануусуна жол бербөөнү камсыз кылуу керек.

Эгерде андай чаралар көрүлбөсө, кимде болбосун “бизде талоончулардан, тоноочулардан коргой турган бийлик барбы же жокпу?   Же демократия эмей эле жунглинин мыйзамы менен жашай баштаганбызбы?”- деген ойлор келбей койбойт. Антип эл арасында күмөн ойлорду, шектенүүлөрдү  көбөйтүп, коомдо моралдык, психологиялык абалды начарлата бербөө үчүн талоончуларга, тоноочуларга башчы болобуз деп жаткандардын лидерлеринин колдоруна “браслеттерди” тагып, тезинен тийиштүү жерлерге киргизүү зарыл.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить