“Келме кезек, терме тезек” дегендей, азыр бир кезде К. Ташиев, А. Келдибеков сыяктуу кыргыздын белдүү жигиттеринин үстүнөн ойдон чыгарылган кылмыш ишин токуп, депутаттык мандатын тартып алуу, түрмөгө камоо сыяктуу Ак үйдүн “репрессияларын” ишке ашырган экс-башпрокурор Аида Салянованын өзүнүн башына кара булут айланып аткан кербези.
Кыргыз бийлиги оозунан эне сүтү кете элек, өмүрүндө бир өндүрүштүк ишкананы башкармак турсун, баш багып койбогон жаштарды “Жаш эле жаш!” деген ураан менен өкмөт башчы, министр, кеңешчи кылып, бүткүл өлкөнү “жашартуу” акциясы жүрүп атканда, 60тан жаш курагы өтүп калган экс-президентибиз Р. Отунбаевага кадимки БУУнун, Башкатчысы А. Гуттерештин көзү түшүп, “куда түшүп” отурат.
Калктын 90%ы иштебеген азыркы заманда өзгөчө өмүрү бир жерде иштебеген, көп балалуу үй-бүлөлөр өлбөстүн күнүн көрүп эле жашап жатышат. Андай үй-бүлөлөрдүн чоң балдары базардан картон, кагаз, желим баштык чогултуп нан, чайга акча табышат.
Ашхабад шаарында имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары аягына чыкты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Анкарада бүгүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, Сирия жана Ирактагы абалды талкуулайт.
Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Президент Дональд Трамп саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министри Том Прайстын аба каттам чыгымдарына нааразы болууда.
Кандагар провинциясындагы кол салуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.
Кворумдун жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга эми эки апта соң, шайлоодон кийин эле чогулмай болду.
Садыкжан Камалов диний уюмдун жетекчиси болуп саналгандыктан, ал шайлоо алдындагы кампанияда кайсы бир талапкерди колдоого алып, үгүт ишин жүргүзүүгө укугу жок болчу.
Кечээ жакында тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциациянын жетекчилерин премьер-министр Сапар Исаков кабыл алганын жана “Кумтөрдүн” экологиясына көңүл бурган келишим даярдалганы боюнча маалымат уктук. Ал келишимдин артыкчылыгын билүү максатында тоо-кенчилер жана геологдор ассоцияциясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
Ашхабадда өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары жабылар алдында спорттук мелдештерге билет сатып алууда ажиотаж жаралды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.