Бишкек, "Саясат.kg". Азыркы тапта диний медреселерде окуп жаткан айымдар жана алардын кыздары медреселерде гана окуп чектелбестен, жашоо-турмушка керектүү башка да кесиптерди окуп үйрөнүүсү зарыл. Дин менен гана чектелбесттен, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө активдүү катышуулары шарт. Жалал-Абадда диний айымдар менен болгон жолугушууда ушулар тууралуу айтылды. Бул жолугушууну “Эл аралык толеранттуулук үчүн фондусу” уюштурган.

 

Аталган фонддун Жалал-Абаддагы координатору Анар Жумабаеванын айтымында, фонддун кызматкерлери “Айымдар жана кыздар тынчтыкты куруу аракетинде” аталышындагы долбоор менен 2017-жылдын февраль айынан бери иштеп жатышат. Ошондон тарта район-шаарларда дин жолун тутунган айымдар арасында түрдүү иш-чараларды өткөрүп келишүүдө.

 

- Бүгүнкү жолугушууга келген диний айымдар өздөрүнүн жашоо турмушун, андагы айрым көйгөйлүү маселелерди мисал катарында айтып беришти. Бул биз үчүн маанилүү, анткени ар кандай көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун ортодо чогуу издейбиз. Бул долбоордун алкагында биз шаарда 3 күндүк лидердик мектепти өткөргөнбүз. Ага Сузак айылынан жана шаардагы “Курманбек” аймактык башкаруусунан 7ден лидер айымдар келип, окуудан өтүшкөн. Анан ал лидер айымдар өздөрү жашаган аймактарга дин боюнча алган билимдерин жайылтышат. Мындан кийин 9-октябрда Жалал-Абад шаарында форум театрын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерде кыздарды эрте турмушка берүү көйгөйү көтөрүлөт. Анда дин жолундагы айымдар да өздөрүнүн ой-пикирлерин, көйгөйлөрүн ортого салышат,- дейт ал.