Президенттик шайлоо жакындаган сайын эл укмуштуудай убадалардын үстүндө калкып калды. Айрым талапкерлер эптеп эле бийликке жетүүнүн амалында реалдуулукка жакындабаган убадаларды да берип атышат.  Кээ бирлеринин программасында жомок дүйнөнү элестеткен план-максаттарды окуп, угуп, айласыздан жылмаюуга туура келет. Көпчүлүк талапкерлер буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалашкан. Ошол убакта кандай иштерди аткарышты, мамлекетти алдыга жылдырууда, калк турмушун жакшыртууга салым кошушканбы деген суроо туулат. Убаданы ким болсо да жакшы берет, а бирок, анын буга чейинки аракеттерин кароо эле – президент болуп калса, айткандарын аткара алабы деген суроого жооп табууга болот. Талапкерлердин бири, КСДП партиясынын колдоосу менен чоң жарышка аттанган Сооронбай Жээнбековдун буга чейинки аткарган иштерине баам салып көрөлү.

 

Кептин эмес, иштин адамы

 

Президент Атамбаевдин “Сооронбай Жээнбеков мамлекет үчүн көп иштерди аткарды, бирок, аны элге жар салбады. Ал иштегенди билет, бирок өзүн жарнамалаганды билбейт”, - деген сындуу кеп айтты эле. Албетте, бул билдирүүгө сын таккандар да табылган. Анткен менен Жээнбековдун иш тажрыйбасына баам салып көргөндө, президент жөн жерден айтпаганын билесиң. Акыркы жооптуу кызматы - өкмөт башчылыгында турган аз убакыттын ичинде бир топ алгылыктуу иштерди аткарганын, анын жыйынтыгын чыгарганын карагандан кийин, кептин эмес, иштин адамы экенине ынанасың.

 

Тепкичтен тепкичке көтөрүлүү - артыкчылык

 

Сооронбай Жээнбековдун бай иш тажрыйбасы Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдарынан бери көздөй өсүп келатат. Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр Палатасынын спикеринин орун басары, Айыл чарба жана мелиорация министри, Ош облусунун губернатору, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси ж.б. тепкичтен тепкичке көтөрүлгөн жол акыры өкмөт башчылыгына алып келди. Айрымдарчылап асмандан түшкөнсүп, белдүү кызматтардын биринде эле жарк этип көзгө көрүнө калбастан, мамлекетти башкарууга мүмкүн болгон тажрыйбаны ар бир тепкичтен кашыктап чогултту. Өлкөнүн башчылыгында туруп, ар бир маселени так көрүп, калк көйгөйүн сезе билүүгө бул артыкчылык абдан керек.

 

Эл муктаждыгын билет

 

Сооронбай Жээнбековдун кесиби да айыл чарба жаатына тийиштүү. А Кыргызстандын 70 пайыздан ашык калкы айыл жерлеринде жашашкандыктан, айыл чарба өлкөбүздө абдан маанилүү. Бул талапкердин Айыл чарба министрлигин жетектеп турганда, кийин өкмөт башчысы болуп келгенде да анын көңүлү айыл чарбасына көбүрөөк бурулганын танууга болбойт. Ал дайыма айыл чарбасынын кызыкчылыгын жогору коюп, бир катар демилгелери дыйкандардын акыбалын жакшыртууга багытталды. Буга бир мисал, Жээнбековдун өкмөтү өндүрүштү кайра иштетүүгө 6 пайыз менен насыя берүүгө чечим кабыл алган. Демек, ал элдин муктаждыгы эмнеде экенин жакшы билет.

 

Куру убада жок, жыйынтыктуу иш бар

 

Өзү дайыма белгилеп жүргөндөй айыл шартында чоңойуп, чоң турмушка жолдомону айылдан алган. Ошондон уламбы, айыл аймактарды өнүктүрүүнү позициясы катары карманат.  Буга “Аймактардын өнүгүүсү” концепциясын иштеп чыкканы мисал боло алат. Бул концепция жумушсуздукту жана ички миграцияны жоюуга багытталган. Чындыгында айыл турмушун кыйындатып, ички миграцияны пайда кылган - жумушсуздук. Аны чечүү менен аймактарга жаңы өмүр тартуулоого боло турганын Жээнбеков биле алды. Учурдун курч маселесин көрө билип, аны чечүүгө аракет жасоосу талапкердин көрөгөчтүгү катары белгиленет. Эксперттер  Жээнбековдун концепциясы реалдуу экенин, айыл аймактарда 30 пайыз калкты жумуш менен камсыздоого мүмкүндүгүн айтышууда. Демек, анын аткарылышынан үмүт чоң.

 

Бир жылда өскөн ИДП

 

Ал өкмөт башчылыгында бир жыл төрт ай иштеди. Бул өтө аз убакыт. Бирок, убакыттын аздыгы анын бир топ маанилүү аракеттерди иш жүзүнө ашыруусуна тоскоол болбоду. Буга чейинки бир катар өкмөт башчылардын жыйынтык көрсөтүүдө какалып, убакыттын аздыгына шылтоологон жүйөлөрү суу кечпей турганын Жээнбеков далилдеди. Сөзүбүз куру болбошу үчүн 2016-жылдын жыйынтыгына кайрылалы. Бул жылы өлкөнүн ИДПсы  3,8 пайызга, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6,4 пайызга  өстү. 2015-жылы  ИДП 4,9, а  өнөр жайы 26,6 пайызга түшүп кеткени айтылган. Жээнбековдун өкмөтү акыбалды чукул чараларды көрүү менен  жакшырта алды.  Ошондой эле экспорт жааты да ийгиликтүү ишке кирип, буга чейин кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн түшүнө да кирбегендей кадам ташталып, Кыргызстанда чыгарылган сүт Казакстан менен Россияга экспорттоло баштады. Россиянын президенти Владимир Путиндин: “Акыркы жылдары биздин Кыргызстандан сатып алган товарларыбыз эки жарым эсеге өстү”,- деп айтканы бар. Кызыгы, булардын баары коомчулукка шардана болгон эмес. Жээнбеков ар бир кадамын дароо элге чыгарууга шыктуу болбогондуктан, көпчүлүк билбеген тейде калып кетти.

 

Билим берүү

 

Билим - өлкөнүн өзөгү. Ага өлкөнү жетектеп тургандар кандай мамиле кылса, келечек муундун сабаттуулугу канчалык деңгээлде болоору аныкталат. Сооронбай Жээнбековдун тушунда мугалимдердин айлык акысы көтөрүлүп, бул билим берүү жаатындагы кадр көйгөйүн жойду. Мындан беш жыл мурда өлкөнүн мектептеринде 3800 мугалимдин орду бош турса, а бул жылы 401 мугалим гана жетишпеди. 2010-жылы билим берүү тармагына 10 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2017-жылы бул каражат 27 млрд сомго жетти. Жээнбеков бул кадамы менен Кыргызстанды билим берүүгө каражат аябаган өлкөлөрдүн катарына кошту.

 

Жыйынтыгы…

 

Сооронбай Жээнбековду азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин баштаган иштеринин аягына чыгаруучу, жолун улоочу катары көрүп атабыз. Атамбаев кайсы иштерди баштаган да, кайсынысын аягына чыгаруу  зарыл? Мында, башкы көңүлдү коррупцияга буруу туура болоор. Учурдагы президент бийлик чокусундагы мөөнөтүндө басымды  негизинен өлкө батып бараткан коррупциядан арылууга койгон. Майда чиновниктерден баштап, аттуу-белдүү мамкызматкерлер, депутаттарга чейин ар бирин жасаган кылмышын моюну менен тартууга мажбур кылды. Анын негизинде, аткаминерлер арасында мурункудай өзүмбилемдик байкалаарлык деңгээлде кыскарып, ар биринде бүгүнкү жасаган кылмышынын эртеңки жоопкерчилигинен коркуу сезими орун алды. Эгер президент болуп калса Сооронбай Жээнбеков да ушул кадамды улантаары анык. Ал өмүр жолунда мамлекеттик кызматтарда канча жыл иштесе да, бир да жолу коррупцияга байланышкан иштерге аралашкан эмес. Бир да жолу ысымы чуулгандуу, шектүү иштерде жарыяланбады.  Демек, бул жаатта таза адам катары күрөш жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Булганыч иштер менен таза адам гана күрөшө алат эмеспи.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити