Шайлоонун шайтан оюндарынан  

 

4- октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйыны учурунда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын мүчөсү Чинара Жамгырчиева алар тарабынан президенттик шайлоого сунушталган талапкер өлкө башкарууга татыксыз экендигин айтты.

 

Жамгырчиеванын айтымында, ал ар дайым колдоо көрсөтүп келген лидери үмүтүн актаган жок. Тактап айтканда, Бакыт Төрөбаевдин ар кайсы саясий фигуралар менен биригиши аны ирээнжиткен. Партия лидери алгач Камчыбек Ташиев, андан соң Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков менен бириксе, учурда Өмүрбек Бабанов менен бир кемеде.

 

Анын Бабанов менен биригүүсүнө Төрөбаевдин штабдын кызматкерлерин жана облустардагы үгүтчүлөрдү каржылоого каражаты жетпегендиги себеп болгон.

 

Белгилей кетсек, жыйын башталганча партиянын штабынан жыйынга келген адамдар партиянын мүчөлөрү эмес экендигин журналисттерге кабарлашкан.

 

“Төрөбаевдин шайлоо штабына партиянын айрым мүчөлөрү лидерге нааразычылыгын билдирип жыйын өткөрө тургандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Бул президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин саясий репутациясын каралоо үчүн жасалган кезектеги провокация экендигин билдиребиз. Партиянын мүчөлөрү эч качан мындай кадамга барбайт. Андыктан биз бул кыймыл-аракетти провокация катары баалайбыз”, - деп билдиришти штабдан.

 

Маалымат жыйынына чогулгандарды “саясий буйрутманы аткарып жатат”- деген билдирүүгө жооп катары Чинара Жамгырчиева, ага "Өнүгүү-Прогресс" тарабынан берилген партия күбөлүгүн көрсөттү.

 

Булак: “Кабар Ордо”