КТРКнын президенттикке талапкерлердин теледебатында Бабанов менен Жээнбеков бет келишти.

 

Бабанов Жээнбеков өкмөт башчы болуп туруп, “Лигласс” компаниясы менен келишим түзө коюп, анысы аферист компания болуп чыгып, президент Атамбаевди ыңгайсыз абалга кептегенин айтты эле, Жээнбеков ага жооп кылып коррупция менен күрөшүүнү так ушул атаандашынан баштай турганын белгиледи.

 

“Мен таза адаммын, аны сен да билесиң. Президент болсом коррупцияга каршы күрөш жүргүзөм, аны сенден баштайм”, - деди.

 

А Бабанов “Коркутпаңыз”, - деди.