Саясатта убак-убагы менен оригиналдуу аталыштар пайда болуп турбаса болбойт окшойт. Бир убактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди Атамбаев “балакай” деп атап, ал соцтармактарда кызуу талкууну жараткан. А эми “балакайга” “БАЛАПАН” кошулду, аны Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков ойлоп тапты.

 

Кечээ КТРКнын президенттикке талапкерлердин теледебатында Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов бет келишип, дагы талапкерлер Токтайым Үмөталиева менен Арстанбек Алай ары четте калып, башкы атаандаштар бирин бири эл алдында кеп менен “сындырууга” аракет жасашты. “Сен андай, мен мындайдан” башталган талаш “ким канчалык деңгээлде таза?” менен уланып, “Ким Максим Бакиевдин досу?” деген суроо кабыргасынан коюлуп, кыскасы ар бири өзүн президенттикке абдан татыктуу көрсөтүүгө аракеттеништи.

 

Жээнбеков бир кезде анан Бабановду “балапан” атап жиберди. “Мен мамлекеттик иштерди аткарып атканда сен балапан болчусуң”, - деди. Атамбаев да Жанар Акаевди “балакайды парламентке биз алып келгенбиз”, - деди беле?..

 

Учурда соцтармактардын кыргызстандык колдонуучулары “балапан” деген сөздү жалпылап талкууга алышууда.