Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 1368ге жетти.
12-февралда Биринчи Май райондук соту мурунку дипломат Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка доо арызын кароону улантты.
Казакстандын Башкы прокуратурасы улут аралык кастыкка үндөп, башка улуттарга күч колдонгон үч адамдын тек жайы аныкталганын 12-февралда билдирди.
12-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Израилдин Кыргызстандагы элчиси Лиат Вексельмандан ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.
Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко дарыгерлердин комиссиясы тарабынан беттештерден убактылуу четтетилди.
Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты.
Башка мамлекеттин жаштары экинчи өлкөгө барып билим алуусу да инвестиция, ал тургай туризмдин өнүгүүсү болуп саналат.
Билим берүү министрлиги кабарлагандай, “Кыргыз тили жана адабияты” сабактары бардык бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестти (ЖРТ) тапшырууда милдеттүү сынак болбой калды.
Ушул жуманын башында бүгүнкү кыргыз бийлигинин “серый кардиналдарынын” бири аталган Жеңиш Разаковдун кызматтан алынышы көпчүлүгүбүз үчүн күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду.
2020-жылдын 1-мартынан баштап коомдук муниципалдык транспорттор толук кандуу электрондук билеттештирүү системине өтөрүн шаардык мэриядан билдиришкен.
Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген.
АКШ Сириянын Идлиб провинциясында болуп жаткан кырдаалга аралашпай тургандыгын билдирди.
Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт.
12-февралда Бишкекте Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 11-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордайдагы окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди.
Түркиянын Стамбул шаарында учкучу эс-учун жоготкон учак аэропортко конду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы эл аралык күрөштү күчөтүү, изилдөөлөрдү жана жаңы ыкмаларды табуу маселесин талкуулаган форум өткөрөт.
Баткен облустук администрациясынын аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бахабидиновдун “Азаттык” радиосуна берген маалыматына ылайык, ушу тапта облус боюнча 61 842 жаран жер тилкесин алуу үчүн кезекте турат.