Сотко Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышкан жок, алардын жүйөөлүү себептери жазылган катты адвокат судьяга тапшырды.
Иштин жүрүшүндө адвокат доогер Аскар Айтматов элчиликтин сайтына Женгиз Фыраттын өз дарегине айткан сөздөрүн жокко чыгаруусун жайгаштыруу талабынан баш тартканын билдирди. Адвокаттын белгилөөсү боюнча бирок Айтматов элчинин өзүнүн дарегине карата айткан сөздөрү ар-намысына доо кетирген деп таанууну талап кылуусун улантат. Мындан тышкары ал элчи Айтматовду ФЕТОчу деп ушактап каралаган сөздөрү интернетте дагы деле тарап жатканын белгилеген.
Кийинки соттук териштирүү 2-мартта уланат. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгат.
Аскар Айтматов түрк элчиси аны ушактап, каралап жатканын жазып, 2019-жылдын 20-июнда интернет-басылмалар аркылуу ачык кат жарыялаган жана 10 күндүн ичинде кечирим сурабаса «мыйзамдуу кадамдарга барарын» айткан.
Булак: Азаттык