Сыйлык быйыл журналисттик иликтөөлөр тармагындагы мыктыларга экинчи ирет берилүүдө.
Бүгүн мындан тышкары, аталган фонд «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форум өткөрөт. Анда чет өлкөдөн келген адистер тажрыйбалары менен бөлүшөт.
2019-жылы фонддун байкоочу кеңешинин тандоосуна ылайык, башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков жеңип алган.
Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.
11-февралда Бишкектеги Улуттук китепканада Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өткн. Аны "Улан Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.
Кечеге Эгизбаевдин ата-энеси, жакындары, кесиптештери жана активист жаштар катышып, Уланбектин эмгектери кийинки жаштарга үлгү болоорун белгилешти.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Булак: Азаттык