Бирок ал негизги тестке 2020-жылы киргизилиши керек болчу.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, негизги тесттин структурасына жакынкы үч жылда өзгөртүү киргизилбейт. Бирок, 2020-жылдан тарта филологиялык адистиктер жана журналистика бөлүмү үчүн кошумча эки предметтик тест киргизилип жатат: кыргыз тили жана адабият, орус тили жана адабият.
Негизги тест бардык ЖРТ катышуучулары үчүн милдеттүү. Гранттык билим берүүгө аттанып аткан мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдо тандаган адистигине ылайык келген жок дегенде бир предметтик тест тапшырышы керек. Предметтик тесттер англис тили, тарых, химия, биология, математика жана физика боюнча өткөрүлөт.
Ошондой эле контракттык негизде окууга аттанып аткан окуучулар үчүн предметтик тест университетте орунга илинүү үчүн күрөшүүдө артыкчылык берет.
Билим берүү министрлиги “Кыргыз тили жана адабият” сабактарын ЖРТнын негизги бөлүгүнө киргизүү жана тестти толугу менен кыргыз тилине которуу тууралуу маселесин бир нече жолу көтөрүп келген. Кыргыз тилин ЖРТга милдеттүү кылып киргизүү мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын бир бөлүгү болчу. 
ЖРТ 2012-жылдан тарта Кыргызстандын бардык ЖОЖдоруна тапшырууда милдеттүү болуп калган. Тесттин жыйынтыгы боюнча алынган баллдардын санынан абитуриент кайсыл университетте окууну уланта алаары көз каранды.
Бирок аталган министрликтин мындай чечими кыргыз тилдүү журналисттер жана коомчулук тарабынан каттуу сынга алынып, бул эне тилдин маанисин азайтып, акырындап жоготууга алпаруучу кадам катары баалашууда...


Булак: “Майдан-пресс”