Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат. 
“Бул аймак биздин жайлоо болуп эсептелет. Март айынан тартып мал багып жайлоого чыгабыз. Көмүр казабыз деген компаниянын ишине биз башынан бери нааразы болуп келатабыз. Иштей баштаса ичер суубузду да булгайт”,- деди Согонду айылынын тургуну Миртемир Рахманбердиев.
Чогулган элге Алай районунун акими Замир Молдокулов келди. Тайгак-Таш аймагындагы 119,93 гектар аянтты ээлеген көмүр кенин “Бикипинг” жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кенди изилдөөгө үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат берген. “Бикипинг” 2019-жылдын 13-июнунда кайра каттоодон өткөн.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Алай районунда кен иштетүүгө лицензия алган 62 ишкана бар экен.
Азырынча өкмөт алайлыктардын талабына ак да, көк деген жооп кайтара элек. Бирок аталган кенде изилдөө иштери аяктаган соң, көмүр казууга уруксат берилип кетсе, анда жергиликтүү тургундар айтышкан экологияга гана зыяны тийбестен, жергиликтүү эл жанын багып келген мал чарбачылыгын да үзгүлтүккө учуратып, жумушсуздук,  азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн келип чыгары турган сөз. Бул айланып келип, президенттин үч жылдан бери жарыяланып келаткан “Айылды көтөрүү жылына” каршы саясат эмеспи?


Булак: “Майдан-пресс”