Аларды турак жай менен камсыздоо үчүн 2000 гектардан ашуун жерди трансформациялоо керек.
"Баткен облусу боюнча 1500 гектар жерди трансформациялоо боюнча өкмөткө сунуш берилген. Анын 172 гектары өнөр жай курулуш багытында болсо, калган 1328 гектар жер калктуу конуштар үчүн",-деди Эрмек Бахабидинов.
Буга чейин Тажикстан менен чек ара аймагындагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында 700 гектарга жакын жер аянты трансформацияланган.
Булак: Азаттык