УКМКнын абагында кармалып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев китеп жазып жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан чыгарып, анын ордуна өзүн камак коюууну сунуш кылды.
Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин аты-жөнүн мурунку депутат Игорь Чудиновдун фамилиясына алмаштырып алды.
Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты жылдырылды.
Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды.
Адил Турдукулов тамашалуу билдирүүсү менен Ирина Юрьевнаны таарынткысы келбегенин айтты
Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин тажиясы өтүп жатат. Анын сөөгү Нур-Султан шаарынын четиндеги Талапкер айылында жерге берилет.
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаевге карата Жазык кодексинин эки беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму Оштогу адвокаты Хусанбай Салиевди сабаган адам аны жогорку бийликтеги жакындары менен коркутканын айтууда.
Бүгүн, 27-февралда Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайга болгон сапарынан кийин 14 күндүк карантинге алынат.
Маалым болгондой белгилүү актер COVID-19 вирусу аныкталган адам менен бир кечеде болгон
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бул Индияда өткөн иш-чаранын уюштуруучуларынын мүчүлүштүгү дешти
Сингапур мамлекетинде бүгүнкү күнгө карата 93 жаран коронавирус менен жабыркап, алардын 62си дарылануудан кийин сакайып кетти.
Кыргыз эстрада ырчысы, колунан гитара түшпөгөн Дархан Эшеналиев эсиңиздердеби?
Коронавирустун айынан Кыргыз жарандары кандайдыр бир обочолонууга, мазактоого кабылып жатышат.
Америка Кошмо Штаттарында Covid-19 коронавирус дарты катталган аймакта болбогон жана аны жуктурган адамдар менен байланышпаган адамдан вирус чыкты деп божомолдонгон маалыматты дарыгерлер таратты.
Баткен жана Ош облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылдын 26-февралына карата 345 авто май куюучу станцияда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулган.
Мурда лизингге айыл чарба техникалары эле берилип келсе, өткөн жылдан тарта фермерлерге асыл тукум малдар бериле баштады.