Америка Кошмо Штаттарында Covid-19 коронавирус дарты катталган аймакта болбогон жана аны жуктурган адамдар менен байланышпаган адамдан вирус чыкты деп божомолдонгон маалыматты дарыгерлер таратты.
Американын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү брифинг учурунда вице-президент Майк Пенс жаңы дарттын жайылышын токтотуу боюнча жетекчи болуп дайындалганын жарыялаган. Андан көп узабай АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору аталган маалыматты жарыялады.
«Учурда бейтапка ооруну жуктурган булак белгисиз. Мүмкүн бейтап чет өлкөлөрдөн кайтып келген туристтер менен байланышта болгондур», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, Америкада коронавирус боюнча жалпы 60 учур катталды.
Булак: Баракелде