КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Twitter социалдык тармагында ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын «Алмазбек Атамбаевдин ордуна түрмөгө мен отурайын» деген билдирүүсүнө жооп жазган.

Турдукулов «Карамушкина менен кандайдыр-бир деңгээлде макулмун» деп жазган.

«Экс-президенттин ордуна Сегизбаев экөөнү камап койгула. Анан чыгарбагыла, антпесе, баарын тажатты», - деп жазган ал.
Бир аздан кийин Турдукулов бул «твитти» тамаша иретинде жазганын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мен Ирина Юрьевнаны таарынтайын деген эмесмин, - деди ал. - Тескерисинче, ал Алмазбек Шаршенович үчүн аягына чейин турууга даярлардын бири деп эсептейм.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлап кеткенине байланыштуу, анын ордуна түрмөгө жатууга даяр экенин жазган.

Булак: VESTI.KG