Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттык” радиосуна маалымат берип жатып Салиев кабылган окуяны анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштырды.
“Сабаган киши “Сен эч нерсе кыла албайсың, анткени менин туугандарым Ак үйдө да, парламентте да отурат. Жөн жүр” деп айткан. Жок жерден чыккан жок. Себеби бул укук коргоочулар коомдук чөйрөдө белгилүү болуп калышкан. Ишибизге байланыштуу чабуул экенин четке кага албайм. Бир четинен, капысынан болду дейин десем, ал машине атайын келип жолун кесип өтүп жатпайбы. Бул "укук коргоочу адвокатка кол салуу, мыйзам чегинде жакшылап каралышы керек" деп милицияга кайрылдык, доктурга барып экспертизадан өттү".
Исмаилова кошумчалагандай, Салиев соңку аптада жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу эфирге чыгып, радикализмди, экстремизмди алдын алуу тууралуу маалымат берип жаткан. 25-февралда абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты катары Бишкекке келип, Жогорку соттогу жараянга катышкан.
“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун маалыматына караганда, окуя 26-февралда Ош шаарынын Салиева жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Хусанбай Салиев эки кесиптеши менен машинеде кетип баратканда алдынан чыккан «Лексус” машинасынын айдоочусу авариялык абал түзгөн. Экөө тең сыртка чыгып, териштире баштаганда “Лексустун” айдоочусу адвокатты бетке эки жолу урган. Салиев жооп кайтарган эмес.
Чырдын экинчи тарабынан комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталганын "Азаттыкка" Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:
"Тараптар бири-бирине ар кандай жүйөлөрдү айтып жатат. Урган бала "жол бербей, авариялык абал түзүп, менин машинамды кысканы үчүн ачуумду кармай албай уруп жибергеним чын" деди. Ал эми юрист "Эч кандай кыскан эмеспиз. Анын көрсөтмөсү жалган" деди. Ким күнөөлүү экенин иликтөө көрсөтөт".
“Бир дүйнө Кыргызстан” ишмердүүлүгүн 2000-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан укук коргоо уюму. Анын өкүлдөрү Бишкекте жана Ошто иштешет.
Булак: Азаттык