Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин аты-жөнүн мурунку депутат Игорь Чудиновдун фамилиясына алмаштырып алды. Төрага 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн ишине байланыштуу парламенттин токтом долбоорун окуп берди.
«Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Урайымович Чудиновдун… Чодуевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат. 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат эске алынсын», - деди Жумабеков.
Булак: Баракелде