Акыркы кездеги Кыргызстандагы саясий абалды ар кандай божомолдоп жатышкандар толтура.

Айрыкча Атамбаевдин Кой-Ташта жатып алып, азыркы бийликке сес көрсөтүп, “эсиңерге келгиле” деген ар түркүн эскертүүлөрү да бир топ ойлорго жетелөөдө. Коомдо “Атамбаев революция кылат экен” дегендер да, “колунан эч нерсе келбейт” дегендер да басымдуулук кылат. Экс-президенттин ушул кездеги аракеттери байдын “эрке талтаң” уулундай эле болуп жаткандыгы да айтылууда. Учурда ага карата коюлуп жаткан шектүү айыптар боюнча үч ирээт суракка чакыртылып, бирок келбей койду. Ал аны азыркы бийликте адилеттүү соттордун жок экени жана ага карата саясий куугунтуктун бар экендиги менен түшүндүрүүдө.

 

Атамбаев Кой-Таштагы өз өргөөсүндө элдер менен күнүнө жолугуп, ар кандай саясий билдирүүлөрдү таратып, өлкөнүн саясий багыттарын аныктаган, коом терс кабыл ала турган кемчиликтерди айтып өз айланасын бекемдеп жатканы байкалат. Мына ушундан улам коомдо дагы Атамбаевдин айткандарына ишенип, бийликти кетирүү же күч менен басып алуу аракети көрүлүп жаткандай түшүнгөндөр да пайда болууда. “3-революция болушу мүмкүн эмес, аны биз жасай албайбыз, ага сырткы күчтөрдүн таасири болуш керек” – дейт мурдагы ЖКнын төрагасы, коомдук ишмер Зайнидин Курманов.

 

“2010-жылы апрелде Кыргызстанга БУУнун ошол учурдагы баш катчысы Пан Ги Мун келди. Ошондо оппозиция күчүн көрсөтүш үчүн көчөгө элди чакырды. Бирок 20-30 киши зорго чыкты. Андан башка күчтөрдү чыгара албай койду. Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз ушул болду. Бирок кийин сырттан колдойбуз деп баштаганда баардыгы чыга баштады. Ошон үчүн мен азыр ойлоп атам, кайсы мамлекетке таянып үчүнчү революцияны жасайсыңар? Россия менен азыркы режимдин ортосундагы мамиле абдан жакшы. Коңшулар менен жакшырды мамиле. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Могерини келип келишимдерди түзүп кетти. Биздин тажрыйбабыз көрсөтүп жатат, сырткы күчтөр түрткү бербесе, эчтеке болбойт. Ошон үчүн алданып аткан адамдар авантюристтердин колунда бекер жем болбой, ойлонушу керек» – дейт Курманов.

 

 

 

Булак: «Факты.kg»