Р.Жээнбеков:ОДКБнын Коопсуздук кеңешинин жыйыны Тажикстанда өтүп жатканда тажиктердин Кыргызстанга кол салуусу - Россиянын бизге жасаган жаман мамилеси!”

- Равшан мырза, ОДКБнын жыйыны өтүп жатканда тажиктердин Кыргызстанга кол салышы көпчүлүктү таңгалдырып жатат. Алар кимге таянып  ушундай кадамга барышты?

- ОДКБнын Коопсуздук кеңешинин жыйыны Тажикстанда өтүп жатканда тажиктердин Кыргызстанга кирип келип, тынч жашап жаткан жарандарыбызды аткылап, үйлөрдү өрттөгөнүн - бул уюмдун башында турган Россиянын демонстративдүү түрдө бизге жаман мамилеси деп түшүнсөк болот. Тагыраагы, биздин ОДКБнын мүчөсү экенибизге да карабай, көңүл бөлбөй, өзүбүздү өзүбүз менен таштап койгону ага далил боло алат. Анткени, Тажикстан дагы, Кыргызстан дагы  бир аскер альянсындабыз. Ошого карабастан Россиянын аскер жетекчилери Тажикстанга келип, кетип жатып, аларды кой деп койбогону жана Коопсуздук кеңешини жыйыны өтүп жатканда тажик аскерлеринин басып келиши аябагандай таңгалыштуу  болуп жатат.

Анткени, Россия ОДКБга мүчө экенибизди, Тажикстан менен аскер альянсында экенибизди билет. Ошон үчүн ОДКБдан башка эч кандай аскер уюмдарына кайрыла албайбыз. Тагыраагы батыштын, чыгыштын дүйнөлүк аскер альянстарындагы уюмдарга кайрыла албайбыз. Ошондуктан, стратегиялык досторубуздан, өзүбүздүн өнөктөрүбүздөн кордук көрүп жатканыбыз аябагандай оор болду.

- Эмне үчүн Путин “ортомчу болууга даярмын”- деп туруп, биринчи кол салган тарапты тыйбай койду?

- Бүгүнкү күндө ОДКБнын башында Россия турат. Россиянын Кыргызстанга дагы, Тажикстанга дагы таасири аябагандай чоң. Россиянын аскердик мүмкүнчүлүгү Тажикстанга да, Кыргызстанга да бар. Саясий мүмкүнчүлүктөрү да айбагандай күчтүү. Биз алардын орбитасындагы мамлекетпиз. Бирок, ошого карабастан Россиянын аскер жетекчилеринин унчукпай карап тургандары кандайдыр бир деңгээлде эмне болоор экен деп көз салып жатканы, согушту токтотуп, Рахмонго телефон чалып айтып койбогону, алардын кандайдыр бир деңгээлде чатакка кызыкдар экенинин далили болуп эсептелет.

- Тажиктерге өзүнө жараша жооп кайтарбай коргонууга өтүп, маселени тынчтык жолу менен чекенге аракет кылганыбыз туура болдубу?

- Биздин УКМКны аскер жетекчилердин коргонууга өтүп, тажиктерге тете жооп бердиргенге буйрук бербей турганына караганда алардын кандайдыр бир пландары болушу мүмкүн. Анткени, биз жөнөкөй жаран катары көп маалыматты билбейбиз. Алардын кандайдыр бир планы, өзгөчө кадамдары, маалыматтар болушу мүмкүн. Ошон үчүн ушул тактиканы карманышкандыр.

Биз азыр жабыр тарткан тарап болуп калдык. Тажикстандын аскери биздин мамлекетке кирип келди. Биздин аймактарды басып алды. Биздин тынч жаткан адамдарды өлтүрүп, үйлөрдү өрттөдү. Эми биз эл аралык коомчулукка кайрылып, кадыр-барктуу гуманитардык уюмдардын кийлигишүүсүн, алардын иликтөөсүн талап кылышыбыз керек. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы согушту иликтеп, адилеттүүлүктү орнотушу биз үчүн аябагандай маанилүү болуп турат.

Биздин мамлекетибиздин, өкмөтүбүздүн эл аралык коомчулукка БУУна эл аралык аскер трибуналдарына кайрылуусу аябагандай маанилүү. Биз аябагандай жабыр тарттык.  Ошон үчүн биз азыр эл аралык коомчулукка кайрылышыбыз зарыл, ал биз үчүн аябагандай маанилүү.