Т.Тургуналиев: “Азыркы депуаттардын арасында баштары айнып кеткен дөөдүрлөрү деле жетишерлик.  Алар, мүмкүн, Чым-Коргондо дарыланууга муктаж”

- Топчуке, Кыргызстан көз карандысыздыктан бери өткөөл мезгилден чыкпай, перманенттик реформалар менен алек болуп келатат.Башка элдерге ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүү үчүн 5-6 жыл эле жетишет экен. Биздеги мындай көрүнүштүн  себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Кыргызстандагы бийликтин баардык бутактары жогорку деңгээлде иштей турган абалга жете элек.Бул өтө татаал нерсе, тарыхка үңүлүп карап көрсөк, аны 5-10 жылдын ичинде чечүү кыйын. Бирок, биздин толук көз карандысыздыкка ээ болгонубузга 30 жылдай убакыт өттү. Бул мезгилдин ичинде Кыргызстандын Баш мыйзамы ашык-кеми жок он жолу өзгөрдү. Германиянын атактуу канцлери Отто Бисмарктын “эгерде мамлекеттин мыйзамдары начар болгон менен аткаруучулары жакшы болсо, мамлекетти алдыга сүйрөйт. Мыйзамдар мыкты болгон менен аткаруучулары начар болсо, ал мамлекет өнүкпөйт” деген маанидеги сөздөрү бар. Бул акыркы сүйлөмдү Кыргызстандын азыркы абалына толук мүнөздүү десек болот.

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Республика парламенттик-президенттик  башкаруу жолуна түшкөндүгүн  аныктаган Баш мыйзамы негизинен жакшы эле. Анда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, бири-экинчисин көзөмөлдөөсү күчтүү болчу.Бирок, аны  Акаев  деген неме жыл айландырбай бузуп, жасалма саясый кризис түзүү жолу менен ал парламентти таркатып, эки палаталуу парламентти киргизди эле, анын палаталарынын  ыйгарымдары, иштөө  ыкмалары так аныкталбай калган. 1996-жылдын январында Баш мыйзам кайра өзгөртүлгөн.

Албетте, Баш мыйзам түбөлүктүү эмес. Мезгил, заман өзгөргөндө ал да өзгөрүп турушу керек. Бирок, 27-жылдын ичинде Баш мыйзамды он жолу өзгөртүү  өтө эле көп, ал өлкөдөгү саясый туруктуулукка,  мамлекеттик институттардын, башкаруу органдарынын иштерине аябагандай терс таасирин тийгизди. Баш мыйзамга асылып, кайра-кайра өзгөртө бергендердин  өздөрү ылай эле. Эки президент  чыккынчы катары чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт. Үчүнчүсү камалып жатат.

- Биз башкаруунун баардык формаларында жашап көрдүк. 1993-1994-жылдарда парламенттик башкарууда, андан кийин президенттик, супер президенттик башкарууда жашадык эле  2016-жылдагы референдумда кайрадан парламенттик-президенттик башкаруу киргизилди. Бирок, андан парламенттин орду, ролу өзгөрүп, сапаты жакшырып  деле кетпеди. Эми кезектеги парламенттик шайлоонун алдында турабыз.Парламенттик система, деги эле азыркы абал  жөнүндө ойлоруңуз, көз карашыңыз?

- Бийликтин үч бутагынын эң  опурталдуусу аткаруу бийлиги. Биримдик болбой, топ-топторго бөлүнө башташса, туруксуздук келип чыгат, төңкөрүш-көңтөрүштөр жаралат. Ал азыр деле айрым өлкөлөрдө болуп жатат. Ал эми экинчи орундагы жооптуу, кооптуу бийлик бутагы –мыйзам чыгаруу бийлиги- парламент.Бизде парламенттик система таптакыр оңолбой койду. Азыркы системаны парламенттик деп атаганга болбойт, иш жүзүндө бул- президенттик башкаруу.Бирок, 2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда президенттин укуктары чектелген. Г.В.Плеханов “тарыхта эки чоң күч бар, бири-эл, экинчиси-күчтүү инсан” деген. Эгерде жетекчи күчтүү болсо, анын таасири, күчү таркай берет. Ал элибиздин психологиясына да биротоло сиңип калган. Байыркы кыргыз мамлекети эки нерсе аркылуу калыптанган.Биринчиси, алтымыш уруу алаштын күчтүү  хандык бийлиги аркылуу түзүлгөн. Манас бабабыздын генийлиги ушунда; бирөөлөрүн ынандырып, түшүндүрүп, экинчилерин дипломатиялык жол менен, таптакыр эпке келбегендерин каары менен каптап мамлекет түзгөн.

- Кезектеги парламенттик шайлоо кандай болот дейсиз?

- Алты  миллиондун тегерегиндеги эли  бар Кыргызстан үчүн чакан гана парламент керек. Депутаттарынын саны 120 эмес, 90 болсо жетишет. Акыркы айларда дүйнө жүзүн каптаган коронавирус деген алааматтын биринчи толкуну  Кыргызстанды аябагандай чоң экономикалык,социалдык, адептик,  каржылык жоготууларга учуратты. Экинчи толкунунун кесепеттери кандай болорун эч ким билбейт. Өндүрүш жарым-жартылай токтоду, токтобогондору аксоодо. Республикабыздын быйыл гана эмес, келерки жылы кайра өнүгүү жолуна түшүп, кирешеси арта башташы  күмөн.Эл өзгөчө кыйналбасын десек, баардык жерде  үнөм-сарамжалды киргизүү, аны Жогорку Кеңештен баштоо керек. Депутаттардын санын 120дан 90го түшүрүү зарыл дебедикпи. Отуз депутаттан үнөмдөлгөндөр ондогон миллион сомдорду түзөт.

- Бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү башка жолдору деле бар да.

- Ооба, мен  Кыргызстанда аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу боюнча  долбоорду даярдап, аны 1991-жылы “Кыргыз Руху” гезитинин 3-январдагы санына жарыялагам. Кыргызстанда азыр 7 облус, 40 район, 32 шаар, 454 айыл аймагы  бар. Мынча административдик бирдиктерди кармоо үчүн казынадан  ондогон миллиарддаган  каражаттар кетип жатат. Айрымдары таптакыр акылга сыйбайт. Чүйдө  эки айыл өкмөтүнүн кеңсеси бир имаратта жайгашкан жерлер бар, ал эми көпчүлүк айыл аймактары  мурдагы мезгилдеги бир айылдык кеңештен экиге же үчкө  бөлүнүп чыккандар.

- Оодандарчы?

- Оодандардын көпчүлүгү деле ошондой. Кара-Суу районунун эли  450 миңдей болсо, 16-20 миңдин тегерегиндеги тургундары бар Чаткал, Чоң-Алай , Тогуз-Торо райондорун кармоого деле ошончодон райштаттык бирдиктерге акча бөлүнүүдө. Облустардын баардыгын жоюп, Республика боюнча ирилешкен 22-25 районду, 170-200дүн тегерегиндеги айыл аймагын калтырган аймактык-административдик реформа ишке ашырылса, миллиарддаган сомдук каражаттар үнөмдөлмөк.

- Андан дагы кандай утуштар болмок?

- Чиновниктер канча көп болсо, бюрократия ошончолук күчтүү болот. Бюрократия менен коррупциянын киндиктери бир.  Тигиндей чукул өзгөрүү бюрократияга, коррупцияга катуу сокку болот эле.

- Илгери кандай болгон?

- Мурда Кыргызстандын аймагында 16-17 эле район болгон.Маселен, Чүйдү үч топко эле бириктирип койсо болот.Талас облусу мурда бир район эле.

Маалыматтык, каттоо техникалар өнүгүп, санариптештирүүнүн  арааны жүрүп жаткан мезгилде аларды бириндетип кармап туруунун зарылдыгы барбы? Менимче, жок. Азыр элдин көпчүлүгү  оодан-дубандардагы иштерин айылынан чыкпай эле интернет аркылуу бүтүрө алышат.

Аймактык-административдик реформа ишке ашырылса үч маанилүү нерсе чечилмек. Биринчи, бюджеттик миллиарддаган  каражаттарды үнөмдөп,өндүрүшкө,  социалдык иштерге жумшаса болот. Экинчи, бюрократия,коррупциянын тамыры көолөнөт. Үчүнчү,  ага эгиз коррупция азаймак.

- Коррупцияны кантип ооздуктоо керек?

- Мындан эки жарым жыл мурда президент Жээнбеков коррупцияга каршы Чоң казат жарыялап, жемкорлугу ашынгандардын көбүн карматты, каматты.Булар кийинки кылмыштар. Айрымдары качып кетишти.Кармалбагандары мурдагыдай эле кычырап жүрүшөт.  Биягынан карматса, тиягынан жаңы коррупционерлер чыгууда.

- Тэ-э, 25-30 жыл мурдагы былыктарычы?

- Совет мезгилинде элибиз миллиарддаган-триллиондогон байлыктарды топтогон эле.“Прихватташтыруу” мезгилинде миллионерлерге айлангандар бар. Алардын бири-Алмаз Атамбаев. Ал 6 ири заводду ит арзанга сатып алып, жабдууларын металл сыныктары катары сатып, талкалап жок кылган. Андай иштерге Ф.Кулов да аралашкан.Алардын көбүнүн баштарынан бир тал чачы да түшкөн жок.Коррупция менен күрөшүүнун экинчи толкунун мурдагы он жылдыктарда эл эсебинен эпсиз байыгандарга буруу керек. Алардын далайы бүгүн деле бийликтин бардык тармактарында отурат.

- Азыркы Жогорку Кеңеш, анан күзүндө шайланып келе турган парламент  жөнүндө эмнелерди  айта аласыз?

- Жаңы парламент шайланып келээри менен чыгымдарды кыскартпаса болбой калды. Айрым депутаттар эч иш кылышпай эле 70-80 миң сомдон маяна алып жүрүшөт. Алардын кабинеттерине, арабаларына, тейлөөчүлөрүнө, байланыш каражаттарына ж.б. канчалаган чыгымдар кетүүдө? Төрагасы машинасынын дөңгөлөгүнүн темирлерин он миңдеген сомдорду жумшап,хромдон жасатып кутурбадыбы. Арабасынын дөңгөлөктөрү жөнөкөй темирде жүрө берсе, анын даражасы төмөндөп кетет беле? Эсимде, бир жылы Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген айрым кыз-келиндер сулууланып, жасанып-түзөнүшкөнүнө да кассадан 60-70 миң сомдон ала тургандыгы айтылган. Эл үчүн кызмат кылам деп келгендерге автоунаа, чөнтөк телефон, ноутбук сыяктуу нерселерди бербөө, элдин эсебинен парламенттер аралык байланыш дегенди шылтоолоп көп өлкөлөргө айылчылаган көрүнүштөрдү кескин азайтуу керек. Андайлардын пайдасы жокко эсе. “Мен Финляндияга бардым эле, алар коррупцияны минтипооздуктаптыр, биз да ошолордун тажрыйбасын киргизели” деген депутатты уга элекмин. Жөн эле, бекер барып-келип жүрүшөт.

- Бизге кандай депутаттар керек?

- Азыркы депутаттардын 90-95 пайызы миллионерлер. Мамлекеттин, элдин эсебинен байыгандар. Булардын көпчүлүгү парламенттин ишине жарабайт, мыйзам эмне экенин, аны кантип даярдап, кабыл алуу керектигин билишпейт. Бул жаатта жөнөкөй билимдери, даярдыктары жок. Ошон үчүн айрымдары чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын сөзмө сөз көчүрүп алышып, шылдың болушууда. Дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү керек, бирок ал сөзмө сөз көчүрүү деген эмес.Жарым барак каттытуура жаза, эки сөздүтуура айтаалбагандар мыйзамдын эмне экенинкайдан түшүнүшөт дейсиз? Аппараттарына да өздөрүнө окшогон чала сабаттарды толтуруп алышкан. Элге, мамлекетке андай депутаттардын кереги жок.

- Босоголук чек, парттизмелер жөнүндөжөнүндө оюңуз, көз карашыңыз кандай?

- Кыргызстанда азыр каттоодон өткөн 220га жакын партия болсо, алардын тирүүлөрү 15-20дай эле. Мынча партияКыргызстанга өтөкөп. Чыныгы парламентаризмди өнүктүрүү үчүн 9 пайыз босоголук чекти калтыруу керек эле. Антпесе, партиялар ирилешпейт, парламентаризм калыптанбайт. Парттизме боюнча шайлоо киргизилсе эле, парламентаризм өнүгөт дегенибиз өзүн актабады. Ал, тескерисинче партиялуулук деген түшүнүктүн ашмалтайын чыгарып, коррупцияны көбөйттү. Партияда 15-20 жыл мүчө болуп, анын калыптанышына салым кошкондор четте калып, ага мүчө эместер олчойгон акча бере коюп, тизмеде алдыңкы саптарды ээлеп депутат болуп алышса, андай партияга мүчө болуп, кызмат кылгандынкандай кажети бар? Мен билгенден “Ата-Мекен” партиясынын калыптануусуна Дүйшөн Чотонов менен Асия Сасыкбаева аябай чоң салым кошушкан. Бирок, акчалары жокпу, азбы, айтор, алар артка сүрүлүп калган. Партияга таптакыр тиешеси жок Саляновага окшогондор алдыңкы орундарды ээлеп алышпадыбы. “Ата-Мекенде” тизмедеги алдыңкы орундар канчадан сатылганын Өмурбек Абдрахманов ачыкка чыгарды. Калган партиялардаделе ошондой экендигин элдин баары билет. Парттизме деген “пулуң болсо, кулуңмун” дегендердин гана күнүн туудурат экен. Парттизмеге кирүү үчүн ошол партияда эң кеминде 3-5 жыл стажы болуш керек дегендей норма киргизилбесе, ал жөн эле коррупциялык аукционго айланып кетти.

- Шайлоо системасы жөнундө пикириңиз?

- Мандаттардын бир бөлүгүнмажоритардык формадагы шайлоого бербесе болбойт. Бул жолку шайлоодо парламентке, биринчи талап, ыймандары тазалар, демек колдору тазалар келиши керек. Алар мамлекеттин, элдин мүлкүнө суук колдорун салбайт. Экинчи, коомдук тармактар боюнча абдан билимдүүлөр келүүлөрү зарыл. Мисалы, медицина жаатынан тармактын көйгөйлөрүн терең билгендер шайланышса, алар өз тармагынын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышат,өнүктүрүү жолдорун аныкташат,тармакка керектүү мыйзамдарды да жазышат. Үчүнчүсү, чынчылдар, адилеттүүлөр келүүлөрү зарыл. Азыркы парламенттегилер биринин кылганын экинчиси көрмөксөнгө салып, “карга- карганын көзүн чокубайт” болуп эле отурушат. Алар сенин мыйзам долбооруң мындай, тигиниң тигил жерден көчүрүлгөн дегенден башканы айтышпайт. Эмне үчүн бир да депутат “азыркы парламенттин курамындагылардын 90 пайыздан ашыгы бул жерге татыксыз наадандар, 95 пайызы кычыраган байлар, ал эми элдин калган бөлүгүнөн да өкүлдөр келсе да болбойбу?-деген маселе көтөрүшпөдү?

- Дагы кандай талаптар зарыл?

- Парттизмеге киргендердин бардыгын милдеттүү түрдө медико-психикалык экспертизадан өткөрүү зарыл. Жөнөкөй коомдук унаа айдоочулардын ден-соолугун күнүгө эртең менен врачтар текшерип турушат. Эмне үчүн бир бийликтин башына келгендер андай текшерүүдөн бир жолу да өткөрүлбөйт? Азыркы депуаттардын арасында баштары айнып кеткен дөөдүрлөрү деле жетишерлик. Алар, мүмкүн, Чым-Коргондо дарыланууга муктаж. Президенттикке талапкерлердей эле парттизмелерге киргизиле тургандардын да мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилиши керек. Тилди билишпесе, ал тилде кантип мыйзам жазышат? Мамлекеттик тилди билбегенди- мамлекеттик кызматкер деп атаганга да болбойт. Талапкерлердин шектүү байыгандары да текшерилүүсү зарыл.

- Баса, Сиздин люстрация боюнча мыйзам долбооруңуздун тагдыры эмне болду?

- Мен 2010-жылы “Люстрация жөнүндө” (Бийликти тазалоо) мыйзам жазып, бир депутаткабердим эле андан ары дайыны чыкпай калган. Берер адамды да тапкан экем, чындыгында мен аны анда таза деп эсептечү элем. Көрсө, Акаевдин айланасындагыларга мамлекеттин далай байлыктарын,мүлктөрүн ит бекер өткөрүп берип, өзү да “майлуу бармагын жалабай эле ашаган” неме турбайбы. Дагы деле кеч эмес.” Люстрация жөнүндө” мыйзам кабыл алынса, азыркы депутаттардын көпчүлүгү мыйзам чыгаруу бийлигине түгүл, оодандык, айылдык жетекчи кызматтарга да жолотулмак эмес.

- Андай мыйзамды азыркы парламенттин кабыл алуусунан үмүт кылып кереги жок. Бир жагы кеч болсо, экинчи жагынан алар аны эч качан кабыл алышпайт. Жогоруда сиз айткандардын көпчүлүгүн деле ишке ашырганга кеч болуп калды окшойт...

- Аны мен деле түшүнүп турам. Жок дегенде ушерде айтылгандарды шайлоочулар добуш бергени келгенде эске алсын деп айтып жатпаймынбы.

- Ал мыйзам долбоорунун ток этээр жери эмнеде эле?

- Казынага суук колун салып, өлкөгө өзгөчө көп зыян келтиргендерди айрыкча катуу жазалоо...

- Айрыкча?

- Ооба. Миллиондогон, миллиарддаган акчаларды уурдагандарды:

а). Өмүрүнүн аягына чейин шайлануу же кызматка дайындалуу укуктарынан ажыратуу;

б). Уурдагандарынын баарын казынага толук кайтаруу;

в). Жаза мыйзамынын эң катуу беренеси менен соттоп, өкмөттүн “курортуна” узак мөөнөткө жиберүү;

г). Акаев, Бакиев, Атамбаевдин аркалары менен жыргап мыйзамсыз байыгандарды он жылга шайлануу, дайындалуу укукгунан четтетип, төлөтүп, “курортторго” айдоо;

- Топчуке, шылуундардын баары топтогондорун бала-чака, тууган-уруктарына жаздырып коюп, анан Куранды кармап кеджеймин дегендерди кантип керек?

- Атайын мыйзам кабыл алуу зарыл.

- Алдыдагы шайлоодогу эң чоң коркунуч эмнеде?

- Бүгүнкү милилионер наадан депутаттар Жогорку Кеңешке кайра келип калышы мүмкүн.

- Анда эмне болот?

- Бийликтин бир капталы азыркыдан да жаман очорулат, коомдук нааразылык күчөйт, саясый  тирешүү  жаралат. Мамлекет башчысы - Баш мыйзамдын кепили. Айтылгандардай болбосу үчүн ал өз ыйгарымдарынын чегинде чечкиндүү чараларды көрүүсү зарыл.

- Добуштардын канчасы сатылат деп ойлойсуз?

- 20-30 пайызы сатылат деп ойлойм. Ага элдин бир бөлүгү көнүп калган. Кармалгандарын катуу жазаларга тартуу парз. Антпесе азайбайт, көбөйөт.

Маектешкен Тынчтыкбек Бешкемпиров

Булак: “Майдан.kg” гезити