С.Энназаров: "Бул жакта жумуш жок бекер жүргүчө, башка жакка барып, иштеп да, акча таап да, тажрыйба топтоп да келүүнүн кандай жаман жагы бар?"

 

Буга чейин гезитибизде жаңы муундун өкүлү катары президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген мекендешибиз Санжар Энназаровдун өлкөдөгү абал боюнча сар-санаасын чагылдырган элек. Бүгүн кебибизде көбүрөөк эл турмушуна, миграция маселелерине басым койдук....

 

- Коомдук турмуш, айлана-чөйрөнү карап туруп, эмнелерге жүрөгүңүз ооруп, эмнелерди өзгөртүүнү каалайсыз?

 

- Чындыгында, мындан 20 жыл мурун адамдардын жашоо-турмушу кандай болсо, азыр деле ошондой. Анча-мынча алдыга жылыштар бар, бирок, алардын биринде да мамлекеттин салымы жок. Эптүүлөр, эмгекчилдер өз арбайын өздөрү согушуп, оокаттарын өткөрүп атышат. Азыр бизде шаар жерлеринде гана акча табылчу бир аз жумуштар бар, а айыл жергесинде дагы эле баягы жетишпестик, жумушсуздук орун алган. Мен кээде жашоодон кыйналган мекендештеримди карап туруп, кыялданып алам. Өлкөдө завод-фабрикалар курулуп, ар бир жаран иш менен камсыз болсо, алган айылыгы бир айлык жашоосуна кенен жетсе… Эгер адамда “бул айда иштесем, ай аягында мынча акча алам”- деген ишеним бар болсо, жумуштун да сапаттуулугу артат, бактылуулук коштойт. Анткени, жүрөктү күнүмдүк жашоонун санаасы жеп, “бүгүнкү тамагымды таптым, эртеңки нанымды кайдан табам?”- деген түйшүк жармашып жүрсө, аткан таңдын деле кубанычы сезилбейт. Азыр элибизди “саясатка ашыкча эле байланып калышты”- деп айтып атпайбызбы. Мунун да себеби, так ошол жумушсуздукта. Жумушу бар, ала турган туруктуу айлыгы бар адамдар башка нерсеге баш оорутпай, иши менен алек болот да. Келечектин бүдөмүк болуп атканы баарын жапа тырмак саясатка алып келди. Учурда айылга барып калсаң, же шаарда деле эки адамдын башы кошулган жерде турсаң сөзсүз саясат сүйлөнөт. Албетте, бул жакшы эмес көрүнүш.

 

- Жумушсуздук күч алган өлкөдө табылган жумуштун баркы да өсүп бараткансыйт. Айрым жерлерде жумушчуларды кул сыяктуу пайдаланып, оозеки келишим түзүлгөндүктөн, кийин айлыгын ала албай калгандарды да угуп жүрөбүз. Буга эмне дейсиз?

 

- Мисалы, мен өзүм жетектеген курулуш жаатын айтайын. Курулушта иштөө абдан оор. Кара жумуш керектелгендиктен, жумушчулар күчтүү тамактанып, кубаттуу жүрүшү  зарыл. Биздеги жумушчулар менен ошол эле ишти аткарган башка өлкөлөрдөгү жумушчулардын эмгек акысын салыштырып келгенде, албетте, биздики өтө аз. Эмне кылабыз, баары өлкөдөгү көрсөткүч менен ченелет экен да. Ар бир эмгекти баалай билүүгө үйрөнүүбүз керек. Адам чекесин тердетип, иштегенден кийин ошого жараша акысын алгысы келет. Бул жерде ар бир жумуш берүүчүнүн абийир сотуна гана таяна алабыз. Анткени, азырынча биздин мамлекет сөзсүз  келишим түзүү сыяктуу чекке жете элек. Андай кез да келет, бир устунду да келишимсиз өйдөгө көтөрбөй турган убакыт жетет. А азырынча жумуш берүүчүлөргө “бирөөнүн мээнетинен байлык топтой албайсың”,- деп айтуудан башка аргабыз жок.

 

- Сиз бир кездерде Россияга барып иштеп келген экенсиз. Мигранттардын турмушун жон-териңиз менен сездиңиз да?

 

- Санкт-Петербург шаарында көп жыл иштедим. Азыркы курулуш фирманы ачуу идеясы да ошол жактан пайда болгон. Ачыгын айтышыбыз керек, сырткы миграция көптөгөн жарандарыбызга чоң мектеп болуп берүүдө. Азыр кээ бир чиновниктер Россияга барып, “мигранттарыбыздан кабар алып келдим”- дегенчелик кылып атышпайбы. Мен кабар алган эмесмин, мен алар менен чогуу жашап, алар көргөн кыйынчылыкты басып өтүп, тоскоолдуктардан алдыга умтулгам. Мигранттар албетте, мамлекеттин камкордугуна, коргоосуна муктаж. Алыс жерде жүргөндө ар кандай окуялар болот, мындай учурда артыңда калдайган мекениң сени коргоого даяр турганын сезе билүү зарыл. Менимче, миграциянын күч алышынын эч кандай зыяны жок. Тескерисинче, пайда. Болжол менен Кыргызстан элинин тең жарымы чет өлкөлөрдө жалданып иштеп жүрүшөт. Алар айына ар бири 100 доллардан эле бул жакта калган жакындарына акча жөнөтөт деп көрөлүчү, айына канча деген акчалар агылып келип атат. Кыргызстан мына ошолордун жиберген акчасынан кармалып турат. Биздин элибизди мигранттар менен базар гана багып атат. Жарымы миграцияда жүрөт, жарымы базарда отурат.

 

- Башка өлкөдө кыйынчылыкка кабылып, ылдый чөккөндөр менен кошо ийгиликти да багындырган мекендештерибиз арбын болсо керек?

 

- Бул ар бир мигранттын өзүнүн тикелей жөндөмүнөн, эмгекчилдигинен жана тырышчаактыгынан көз каранды. Ким болбосун жөндөмдүү болсо, иш таап, иштеп кете алат. Биздин мигранттарыбыз көбүнчө өз укуктарын биле бербегендиктен кыйынчылыкка кабылышат. Оңой оокатка үйрөнгөн адамдар ал жакта деле ушул: ал жумушка кирет, иштей албайт, бир шылтоо таап, чыгып кетет. Бул жумушка кирет да ошол көрүнүш кайра кайталанат. Иштегендер иштеп атат, айрым мекендештерибиз 2000 долларга чейин айлык акы алышат. Бир жаш жигитти тааныйм, Россияда бир фирманын филиалын жетектеп, айына 300 миң рубль айлык алат. Мынча көп сумма сулуу көздөр үчүн төлөнбөшүн баарыбыз билебиз, демек, мекендешибиздин иштермандыгы ошого татыктуу.

 

- Мигранттар үчүн кандай шарттарды түзүү керек деп ойлойсуз?

 

- Мен акыркы убакта бир идея менен алпурушуп жүрөм. Тааныштар, тууган-урук менен сүйлөшкөндө, айылдагылардын айрымдары чет өлкөгө барып иштеп келүүгө белсенгени менен акча маселесинен ал оюн ишке ашыра албай атканын угасың. Мындан улам, кайсы бир банк мигранттарга шарт түзүүнү колуна алса кандай болот (?) деп ойлондум. Мисалы, чет өлкөгө иштеп келүүгө кетип аткан адамдар бир жарым миң доллар эсебинде насыя берсе, ал ошол адамдын башка өлкөгө жол киресине, иш тапканга чейинки алгачкы айлардагы жашоосуна кенен жетмек. Баарыбыз билебиз, иш көптөй туюлганы менен баргандардын баары эле дароо иш таба албайт. Ага кандайдыр бир убакыт керектелет. А “чет өлкөгө кетип аттым эле, жол киреге карызга акча берип турчу”- деп бирөөдөн сурачы, эч ким бербейт. Банктан насыя алганда төлөбөй качып кетсе кандай болот, ал жагын да байкаштырып, мыйзамга туураласа, менимче, бир топ эмгекке жарамдуу адамдардын жолун ачмак.

 

- Ошондо сиз “сырткы миграцияны токтотуунун кереги жок, тескерисинче өнүктүрүү керек”- деген ойдосузбу?

 

- Дагы он жыл бизди мигранттар багат. Мындан трагедия жасоонун кереги жок. Көптөгөн өнүккөн мамлекеттердин жарандары да бир убактарда азыр биз басып аткан ушул жолдон өтүшкөн. Миграция - тажрыйба топтоонун, жашоонун сырларын үйрөнүүнүн, өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүнүн агымы. Ар бир мигрант туугандарына акча салуу менен эле эли-жерине салым кошуп атат. Бул жакта жумуш жок бекер жүргүчө, башка жакка барып, иштеп да, акча таап да, тажрыйба топтоп да келүүнүн кандай жаман жагы бар?

 

- Кайрадан сиздин “президенттик шайлоого талапкерлигимди коем” деген чечимиңизге кайрылсак. Муну жакындарыңыз кандай кабыл алды?

 

- Ачыгын айтсам, жакындарым эми гана билишти. Бул көптөн бери жүрөгүмдө багып жүргөн оюм болчу. Бирок, эч кимге айтып, бөлүшпөгөм. Азыр эми ар кимисинин ою ар башкача болууда.

 

- Жубайыңыз Айнура Салахидинова белгилүү ырчы айым. Ырчынын жубайы болуп саясатка аралашуу эки жээкте калгандай туюлбайт бекен. Кантсе да чыгармачылык менен саясаттын дүйнөсү башка го?

 

- Айнура элге таанылып калган да. Аны арты менен мени ырчынын жубайы катары тааныгандар бар. Эл болгондон кийин “ар башка кептер чыгат” дегендей, “артисттин күйөөсүнө эмне жок?”- дегендер да табылышы ыктымал. Айнура да “жөн эле койчу” деп талапкер болуумду жактырбады. Аны да түшүнсө болот, азыр каяша айткан саясатчыларга өткөн-кеткенин чукуп, кылмыш ишин ачып, оозун жап кылмайга өтүшпөдүбү. Андайларды көрүп жүргөнгө, анын үстүнө  аял киши назик болот эмеспи, “ар кандай тоскоолдуктан алыс жүрөлү” деп атат да. А бирок, мен мурда-кийин мамлекеттик иштерде иштебесем, жеке ишкерликте жүрсөм, корко турган деле нерсем жок.

 

Азамат Нурдинов

Булак: “Майдан.kg гезити