О.Молдалиев: “Россияда террористтер жокпу?”- деген сөздү айтууга аргасыз кылып жатат. Советтер союзу таркап жатканда Чеченстанды араң  токтотушту эле го..."

 

Орозбек Молдалиев менен терроризм, экстремизмдин алкагында  ой бөлүшүп, аны алдын алуунун жолдорун жана неге кызматтан кетүүгө аргасыз болгону боюнча сүйлөштүк.

 

- Орозбек мырза, Каржылык чалгын кызматы издөөдөгү 66 кыргызстандыкты террорчулардын тизмесине киргизгендиги тууралуу маалымат таратты. Алар берген маалыматка ишенсек болобу?

 

- Каржылык чалгын кызматынын террорист-экстремисттердин тизмесин түзүү себеби терроризмди каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого байланыштуу. Террордук актылар акчасыз жасалбайт. Террористтер үчүн негизги үч шарттын бири акча, экинчиси курал-жарак, үчүнчүсү - баш паанек таба турган жай, мамлекет. Каржылык чалгын кызматы террористтердин каражаттары боюнча тиешелүү органдарга маалымат берип турушу керек. Болбосо дүйнөнү тооруп турган терроризм коркунучу Кыргызстан үчүн да кооптуу , ага каршы жапа тырмак күрөшүү керек.

 

- Акыркы мезгилде жардыруу болгон жерде улуту башка болсо да, түбү кыргызстандык болгон  жагдайлар орун ала баштады.  Бул нерсе “Кыргызстан терроризмдин уюгуна айланып баратат”- деген кооптуу жагдайдан коңгуроо кагып жаткан жокпу?

 

- Туура бүгүн бардык мамлекеттерде терроризм, экстремизм маселесинде кооптуу жагдайлар бар. Бирок, “жардырууну түбү кыргызстандык уюштуруптур” деп  каралоо же Кыргызстанды экстремисттердин мамлекетиндей кароо туура эмес. Айтайын дегеним, Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууну уюштурду деген бала паспорт ала элек кезинде, башкача айтканда, 14-15 жашында Россияга кеткен экен. Ага карабай россиялык эксперттер жана журналисттер бир беткей маалыматтарды таркатып жатышат. Чынында ал жигит 15 жашында эле террорист болуп кеткен жок да, же Кыргызстанда төрөлүп жаткандардын баары террорист деген оору менен оорубайт да. Терроризм деген жуга турган оору эмес го. Бирок, ага карабай Россиянын өкмөтүнө караштуу эле эксперт метрону жардырган өзбек улутундагы жаранды “Кыргызстандагы 2010-жылкы окуядан улам Россияга  качкын болуп келип, аргасыз ушундай жолго түшүптүр”- деген ойду айтып жатат. Макул дейли. Бирок, качкындардын баары эле террорист эмес да.

 

Чынымды айтсам, алардын ушундай мамилеси “Россияда террористтер жокпу?”- деген сөздү айтууга аргасыз кылып жатат. Советтер союзу таркап жатканда Чеченстанды араң  токтотушту эле го. Саид Бурятский дегендин тыюу салынган  уюмун  Тихомиров деген Россиянын жараны жайылткан аракетин көргөнү жалганбы? Ошон үчүн жардыруунун себеп кылып, Кыргызстанды  каралаганга жол бербешибиз керек. Болбосо россиялык эксперттер менен журналисттер “Казакстан менен Кыргызстан терроризмдин уюгу”- дегенге жакындатып коюшту. Чынында Казакстандагы кооптуу абал Астрахандагы вахабистердин таасиринин алдында болгон. Башкача айтканда терроризмдин түбү Россияда болуп жатканын кантип тана алабыз?

 

Мен Кыргызстанды актап салалы дегенден алысмын. Радикалдашып бараткан агымдар бар. Ошондой эле радикалдашкан агымдарды жайылткан адабияттар да көбөйүп кетти. Мына ошол жагдайды алдын алалы деген максатта ИИМдин 10-бөлүмү менен чогуу иштешип, көп уюмдардын  адабияттарын алып, экспертизадан өткөрткөнүм үчүн мени далай жолу сотко беришти. Ал тургай “бейкүнөө мусулмандарга жалаа жаап, миңдеп каматып жатат” деп укук коргоочумун деген адвокат менен ушу тапта да  соттошуп жүрөбүз. Биринчиден, мага андай жалаа жапкыдай экспертизанын жыйынтыгын мен чыгарбайм. Экинчиден, эксперттердин жазып берген корутундусуна өзгөртүү киргизе албайм. Киргизүүгө акым да жок.  Бирок, көңүл бура турган маселе - ушул жерде болгон үчүн 2014-жылкы Коргоо кеңешинин экстремизм, терроризмди алдын алуу үчүн кабыл алынган чечиминин алкагында медреселердин маселесин карадык. Антпесек экстремизмдин идеологиясы элге бат тарап, ага көпчүлүк тартылып жатат.

 

- Экстремизмдин күч алышынын негизги себеби эмнеде?

 

- Анын эки эле себеби бар. Биринчиси, диний билимсиздиктен жаштар кайсыл иделогия экстремистик, кайсынысы ханафий маскабынын иделогиясы экенин ажырата албай, түшүнбөгөнүнөн алданып кирип жатышат. Себеби, эки идеологияны ажырата билген адамдар экстремизм менен күрөшкөнгө мойну жар бербей жатат. “Экстремизм, терроризмге каршы чыгалы, алардын идеологиясынын тарашына тоскоолдук жараталы” деген максатта диний билим берүүнү реформалоо чечимине келгенбиз. Ал аракетибизди Түркиядагы кесиптештер колдоп, каржылоого жардам берели дешкен. Каршылыктар болгонуна карабай, теологиялык колледж ачтык. Андан көп өтпөй муфтияттын жетекчи кадрларын дайындаган институт ачтык. Диний билим берүү боюнча концепция даярдадык. Бирок, мен кызматтан кеткенден кийин “светтик билими болсун” деген жерин уставдан алып салганга катуу аракет башталды. Анткени, мен Аалымдар кеңешине  “светтик дагы, диний да билими бар адамдар мүчө болуп, башкарышы керек”- дегенди уставга киргиздирип койгом. Себеби, азыр  Аалымдар кеңешин диний да, светтик дагы диплому жок  адамдар башкарып жатышат. “Чала молдо дин бузат”- дегендей болуп, билими жок аалымдар экстремизмдин алдын алалбай жатышат. Башкача айтканда, чала молдолордун экстремисттерге каршылык көрсөтүү ойлорунда деле жок. Керек болсо, алардын арасында “Ислам мамлекети халифат куруп баштаптыр” деп кубаттагандары бар. Азыртан күрөштү күчөтүп, бул маселени алдын албасак, эртең кеч болуп калат. Бул маселеге сак турбасак, Сириядагы абал Орто Азияда дагы болуп калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

 

- Ал абалдын Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда болдурбай коюш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 

- Биринчиден, экстремисттик идеологияга каршы келген материалдарды чыгарыш керек. Ошондой эле алар элдин башын айлантып жаткан жерлерин таап, элди туура эмес багытка буруп жатканын түшүндүрүшүбүз керек. Башкача айтканда, алардын идеологиясы куран менен хадиске туура келбеген жерин далилдеп, “дин ушундай турбайбы” деп элди ынандырыш керек. Тилекке каршы, бул маселеге жооп бере ала турган аалымдар аз экен. Биз аалымбыз деп көкүрөгүн кагып жүргөндөрдүн көбү шарияттын жообун айтып, божурап аудитория түзүп алгандар. Аларга сөз берсең эле “терроризмди ислам жек көрөт. Терроризмдин  исламга тиешеси жок. Бул исламга жат нерсе” дегенден башканы билишпейт. “Терроризмди ислам жек көрөт”- десе эле экстремисттердин идеологдору коркуп качып кетпейт да. Аалымдар күчтүү болсо, “куранда мындай, ал тигиндей болуп чечмеленет” деп элди ынандырышса жакшы болот эле. Эгер ошондой аракетти тезирээк баштабасак, экстремисттердин идеологиясынын таасирине арбалгандардын саны көбөйүп кетет.

 

- Чоң державалар “Ислам мамлекетинин” өкүлдөрү бар экен - деген шылтоо менен Сириядагы абалды Кыргызстанга алып келип койбойбу? Себеби, үчүнчү революция жасайбыз деп бийлик талашкан бир ууч кишинин айынан мамлекетти жоготуп алуу коркунучу күч. Ызы-чууну үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн дегендер да бар…

 

- Туура. Тынч турганда эч нерсе болбой тургансып сезиле бергени менен кырдаал бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн. Айтайын дегеним, геосаясый маселелер эле кырдаалды сен күтпөгөндөй нукка буруп коёт. ИГИЛдин өзүн эле мисалга алалы. Саддам Хусейн башка бирөөлөргө жагабы, жакпайбы билбейм. Бирок, Иракты тынч эле башкарып жүрдү. Бирок, мамлекеттин ички жумушу экенине карабай “Саддам Хусейн массалык кыргын жасап жатат” деген шылтоо менен АКШ кол салып, аягында Саддамды асып өлтүрүштү. Башаламандык болду. Азыр ИГИЛдин негизги башчылары ошол кезде Ирактагы мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар. Аларды бийликтен сүрүп таштаганда куралдуу оппозиция болуп, Ислам мамлекетине кошулуп кеткен. Себеби,  бийлик менен каршы күрөшүш үчүн ошол жолго барышкан. Бизде андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн светтик абалыбызды чыңдап, дин маселесинде билим берүү идеологияга бекем турбасак,  бизде деле кооптончу факторлор  бар. Жанар Акаев менен аны колдогон 6 депутатка Чубак ажы жаназа окулбасын дегени эле кооптуу жагдайдан коңгуроо кагып жатканын айгинелейт. Чынында мусулман адамды мусулман эмес деп жарыялоо ИГИЛ мамлекетине гана таандык…

 

Ошондуктан, “революция кылабыз. Бийликке жетебиз” деп мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Айтайын дегеним, ооганстандыктар 1978-жылы “социализмди орнотобуз деп” революция жасашкан. Бирок, ал мамлекетте ошондон бери тынчтык жок. Себеби, бийлик талашкандарга бүт арап дүйнөсүндөгү маджахеттердин баарын жыйнап келип, ошол жерден согушушту. Ошон үчүн маселени революциясыз тынчтык жолу менен эле чечүүнү колго алышыбыз керек.

 

- Жакшы эле иштеп жаткандай болдуңуз эле го? Эмне үчүн кызматтан кетип калдыңыз?

 

- Мен “светтик жана диний билим болсун” деген маселени көтөргөнүм бир топ таасирдүү кишилерге түз тийип калды. Ошон үчүн көп тоскоолдуктарга туш болдум. Ким эмне десе да ажылык, умра деген маселени ачык айкын кылганым көп кишиге жаккан жок. Бирок, ошондой болсо да, орозодо чогулган битир садагадан жардамга муктаждарга 31 миллион сом бердик. Быйыл 40-50 миллионго жеткирели деп жаттык эле, кызматтан кетип калдым.

 

- Орозбек агай, муфтиятта  кайсыл бир диний уюмдардын кызыкчылыгын ишке ашырган  адамдар иштейт. “Терроризм менен күрөштү муфтияттан башташ керек”- дегендер да бар. Не дейсиз?

 

- Туура айтылган сөз. Муфтийде, ошол эле Аалымдар кеңештин өзүндө да маселе бар. Айтайын дегеним, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы провокациялуу китептерди чыгара койгон жайы  бар. Өз иши менен алек болбой, тымызын “шайлоого катыша коём, эми президент боло койом” деген маалымат да таратып жатат. Азыртан этият мамиле кылбасак, укук коргоо органдарынын ичинде деле буларга жан тарткан адамдар болушу мүмкүн.

Максат ажы “Таблигы жамааттын” мүчөсү экенине карабай неге экинчи ирет муфтий болуп алды?

 

- Негизи быйылкы шайлоодо  өтпөшү керек эле. Бирок, аны өткөрүп кетишти. Ал тургай шайлоонун алдында жогору жактагылар муфтийди кабыл алып да жиберди. Эмнегедир таблигый жамаат учурда үчкө бөлүнүп, ич ара таарынычтары күч болуп жүрөт.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити