Америкалык актер Чак Норрис кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калганы менен куттуктады.

Ал Шевченкого куттуктоо баракчасын жиберген. Анда: «Валентина, бул жетишкендигиң менен куттуктайм», - деп жазылганын мушкер айым Фейсбук баракчасына жарыялады.

9-февралда Хьюстон шаарында (Америка, Техас штаты) UFC уюмунун кезектеги турниринде кыргызстандык спортчу Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, атаандашын 3-раундда техникалык нокаут менен уткан. Анын жыйынтыгы менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды.

Буга чейин кыргызстандык мушкер айымды актриса Холли Берри менен актер Микки Рурк куттуктаган болчу.

Булак: Баракелде