Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Россияда окуу-машыгуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилигинде 4 балбан кыз Москва шаарындагы «Озеро Круглое» спорттук базасында машыгууда. 1-мартта башталган машыгуу 14-мартка чейин созулат.

Кыргызстандын командасынын курамы:

57 килограммга чейин — Нураида Анаркулова

59 килограммга чейин — Назира Марсбек кызы

62 килограммга чейин — Айсулуу Тыныбекова

76 килограммга чейин — Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков

Булак: Баракелде