Кыргызстандык спортчулар таэквондо (ITF) боюнча эл аралык турнирге катышты.
«Kazakhstan Open 2020» турнири 20-24-февраль күндөрү Алматы шаарында өттү.
Спорттук иш-чарада Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан жалпы 400дөй спортчу күч сынады. Кыргызстандын атынан машыктыруучу Фаррух Садыковдун жетекчилигинде 12 спортчу катышып, 12 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 7 коло) жеңди.
Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыгы:
Алтын
- Умарали Эрмаматов;
- Салижан Батырбеков;
- Алиер Нуралиев;
- Рамазан Шамшиев.
Күмүш
- Чолпон Болушбекова.
Коло
- Мансур Мирзараимов;
- Абдуллох Абдуллаев;
- Эгемберди Абдилатов;
- Самаган Сайназаров;
- Аиша Иминова;
- Дилбарой Баймирзаева;
- Аделина Алибекова.
Булак: Баракелде