Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Ричард Паунд жакынкы 2 айда коронавирустун жайылуусу төмөндөбөсө быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Ричард Паунд жакынкы 2 айда коронавирустун жайылуусу төмөндөбөсө быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.  «Баары жакынкы эки айда, тактап айтканда майда чечилет. Себеби андан кийин оюндарды өткөрүүгө даярдыктын акыркы баскычы башталат. Күзөтчүлөр жалданып, тамак-аш алынып келип, олимпиадалык шаарча, мейманканалар жабдылып, журналисттер келет. Эгер бул баскычка бир нерсе тоскоолдук кылса, анда Олимпиада оюндарын токтотуу тууралуу ойлонуу керек. Бирок менин билишимче азырынча баары план боюнча болуп жатат жана оюндар өтөт.

Баары иш-чара көйгөйсүз өтөт деп жатышат. Ошондуктан спортчулар Олимпиадага даярданыш керек. Бирок Эл аралык олимпиада комитети аларды оору тарап жаткан шартта беттешүүгө жөнөтпөйт», - деди Паунд.

Кытайда коронавирусту 77 миңден ашык адам жуктуруп, алардын ичинен 2663 адам каза болду.

Булак: Баракелде