Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну тай казансыз өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну тай казансыз өтөт. Мындай чечимди Эл аралык көк бөрү федерациясы 22-февралда Түркияда өткөн жыйында кабыл алды.

Форумдун көпчүлүк мүчөлөрү көк бөрү турнирин тай казансыз өткөрүүнү колдошкон. Ал эми тай казанды колдонуу сунушун Кыргызстан гана колдоду.

Буга чейин Мамлекеттик агенттик Түркиядагы IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси — тай казан менен өтө турган болгонун маалымдаган.

Мурдараак Эл аралык көк бөрү федерациясы оюндун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген болчу. Негизги өзгөрүүлөр — 20 мүнөттөн өткөн 2 таймда тай казан колдонулбайт. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы көк бөрү мелдештери 20 мүнөттөн 3 таймга созулуп, тай казан пайдаланылат.

Булак: Баракелде