Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттеште жеңилди.

Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттеште жеңилди. Ал 62 килограмм салмактагы балбан кыздар арасында күч сынап, беттешти 1/4 финалдан баштады.

Тыныбекованын алгачкы атаандашы япониялык Юкако Каваи болду. Алгач эсеп 1:1 болуп, бирок беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда Каваи Тыныбекованы жерге жыгып, беттеш 6:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Каваи финалга чыкса, Тыныбекова коло медаль үчүн беттешүүгө укук алат.

Япониялык балбан 2018-жылы 23 жаштагы спортчулар арасында дүйнө чемпиону аталган. Андан соң чоңдор арасындагы Азия чемпионаты жана дүйнө чемпионатында медаль тагынган. Бирок эки турнирде тең кыргызстандык спортчудан утулган.

2019-жылы Тыныбекова Кытайдагы Азия чемпионатында Юкакону акыркы секундда жеңсе, Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 1:3 эсебинде уткан.

Булак: Баракелде