Учурда чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.


Учурда чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

Грек-рим күрөшү боюнча турнир 18-19-февраль күндөрү өтүп, жалпы 10 топтом медаль ойнотулду. Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышып, мыкты жыйынтыкты Жоламан Шаршенбеков менен Азат Салидинов көрсөттү. Алар финалга чейин жетишти.

Жыйынтык:

55 килограммга чейин

7-орун — Сардарбек Конушбаев

60 килограммга чейин

2-орун — Жоламан Шаршенбеков

63 килограммга чейин

9 -орун — Тынар Шаршенбеков

67 килограммга чейин

9 -орун — Марлен Асикеев

72 килограммга чейин

3 -орун — Руслан Царев

77 килограммга чейин

3-орун — Ренат Ильяз уулу

82 килограммга чейин

7-орун — Самат Чонаралиев

87 килограммга чейин

2-орун — Азат Салидинов

97 килограммга чейин

5-орун — Бексултан Махмудов

130 килограммга чейин

3-орун — Роман Ким

Булак: Баракелде