Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргойт.

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргойт. Мушкер айым 6-июнда боло турган «UFC 251» турнирине катышат.

Бул турнир кайсы жерде уюштурулары азырынча белгисиз. В.Шевченко шотландиялык Жоанн Калдервуд менен беттешет. Калдервуд акыркы жолку беттешинде америкалык Андреа Лини утуп, ага чейин Кэйтлин Чукагяндан жеңилип калган. Ал эми Шевченко (19-3) катары менен 5 жолу жеңишке жетип, 2018-жылдын декабрь айында чемпиондук курга ээ болгон.

9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында болгон «UFC 247» турниринде Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен. Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялоо жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештерден убактылуу четтеткен.


Булак: Баракелде