Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу төрт күн мурда эле Түркияда өткөн эл аралык мелдешке катышып, ал жактан дагы мыкты болгон болчу.

Кечээ, 16-январда, белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринде алтын медаль утту. Спортчунун бардык кармаштары Бириккен күрөш уюмунун YouTube каналына жүктөлдү.

Тыныбекова килемде 62 килограмм салмакта күч сынашып келет. Ал эл аралык мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөргөн.

Биринчи кармашта кытайлык каршылашы Жи Лонгду убакыт бүтөрүнө 10 секунд калганда жеңип алган. Беттеш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталып, бирок акыркы ыкманы Тыныбекова жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.


Чейрек финалда Айсулуу 2019-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн вице-чемпиону болгон америкалык Мэйси Эллен Килти менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишке жеткен.


Ал эми финалга чыгыш үчүн кыргызстандык спортчу дагы бир АКШлык балбан Кайла Коллин Миракл менен күч сынашты. Кармаш биринчи бөлүктө эле аяктады, себеби Айсулуу каршылашынын далысын жерге тийгизип жеңип алган.


Финалда Тыныбековага техникалык жеңиш ыйгарылды. Тагыраагы, ал кармаштын биринчи бөлүгүндө россиялык Любовь Овчарованы 7:2 упай эсебинде жеңген. Күрөштө үч мүнөттөн эки ирет кармашууга убакыт берилет. Тыныгуу учурунда россиялык балбан өзүн жаман сезгендиктен дарыгерлер карап чыгып, мелдешти улантууга болбой турганын билдиришти. Мындан улам жеңиш кыргызстандык спортчуга берилди.


Белгилей кетсек, спортчу 12-январда Түркияда өткөн эл аралык мелдеште дагы алтын медаль уткан болчу.

sputnik.kg