Бокс боюнча мектеп окуучулары арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык Атай Асанбеков күмүш медалдын ээси болду.

Бокс боюнча мектеп окуучулары арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык Атай Асанбеков күмүш медалдын ээси болду. Ал Кувейтте өткөн чемпионатта 70 килограммга чейинкилер арасында күч сынап, эки жолу жеңишке жетишкен. Анын жыйынтыгы менен финалга чыккан болчу.

Бүгүн, 9-августта өткөн финалдык беттеште Индиянын спортчусуна жеңишти алдырып, 2-орунга жазылды. 

70 кг чейин

1/4 финал

Нурасыл Бауржан (Казакстан) - Атай Асанбеков — 1:4

1/2 финал

Атай Асанбеков - Алиреза Шабгарния (Иран) — 5:0

Финал

Атай Асанбеков - Жун Барат (Индия) — 0:5 

Буга чейин бул чемпионатта кыргызстандык Бекзат Эргешов (35 кг чейин) жана Амангелди Максутов (52 кг чейин) күмүш медалга ээ болушкан.

"Баракелде"