21-январда футбол боюнча Азия кубогу үчүн 1/8 финалдык беттеште биздин курама командабыз – “Ак шумкарлар”, чемпионаттын ээси – Бириккен араб эмираттары менен беттешип, эсеп 3:2 менен алардын пайдасында аяктады!

 

Бирок, жалпы дүйнө күбө болгондой, кытайлык судьянын калыссыздыгынын айынан гана эсеп ушундай жыйынтыкталды. Буга байланыштуу бүт дүйнө жүзү Кыргызстандын курама командасын мактап, мыкты оюнуна суктанып, бай өлкөгө жан тарткан судьянын каталарын санап жатышат. Эске салсак, кытайлык судья кошумча овер-таймда арабдардын пайдасына ойдон чыгарылган пенальти берген, алар бул таза эмес чечимди ишке ашырып гол сайгандан кийин да, арабдардын убакыт созуп, калп эле кылыктанып, актер болгон жоруктарына маани бербеди. Мындан тышкары, 100 пайыздык араб оюнчусунун кол менен ойноп футбол эрежесин бузганын эске албай, биздин пайдага пенальти бербей койгону да кыжырды келтирген. Бул оюн боюнча коомчулук эмне деди? Сөз берели...

 

 

Александр Крестинин, Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруусу:

 

 - Кыргызстандыктардын колдоосу үчүн рахмат. Команданын оюнчуларына, машыктыруучуларына, медициналык, административтик штабга жана тиешелүү бардык тараптарга ыраазычылык билдирем. Биз жакшы иш жасадык. Тилекке каршы, турнирден четтеп калдык. Калыстардын ишин талкуулабайм. Бизде аягына чыгаруучу жакшы учурлар болду. Албетте, алар үчүн өкүнүп жатабыз. Каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк адаштык. Бирок, бир нерсени билем – биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары алдыга жылабыз. Жалпы турнирдеги таасир жакшы. Мен биз мындан жогорку баага татыктуубуз деп ойлойм. Муну баары көрдү. Биз жогорку деңгээлдеги оюндардан жакшы тажрыйба алдык жана бул мындан аркы өнүгүүбүзгө жардам болот.

 

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

 

- Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмиратынын курама командаларынын беттешинде кытай калысынын араб оюнчуларына тартканына карабай, т уура эмес пенальти берилгенине карабай жана Бириккен Араб Эмиратынын курама командасы өз мекенинде ойноп жатканына карабай, биздин оюнчулар бийик чеберчиликти көрсөтүштү. Дүйнөлүк чемпионаттын финалын көргөндөй эле ырахат алдык. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошкондорго ыраазычылык билдиребиз.

 

Кыргыз футболчулардын келечеги дагы алдыда. Кыргыз улуттук курама командасына чоң рахмат! Эсеп жүзүндө арабтар утса, иш жүзүндө кыргыздар утту!

 

Ибраим Нуракун уулу, журналист:

 

- FIFA рейтинги боюнча Кыргыз футболу мурда кийин болуп көрбөгөндөй секирик жасады. 201-орунда элек 89-орунга жеттик. Кечээги оюнда акшумкарлар моралдык жактан жеңди. Каршы тарап калп эле жыгылып калуу ыкмаларын, калыстын адилетсиздигин пайдаланып кетти. “Кыргызстан эң жакыр, Кыргызстан ойной албайт, Кыргызстан өнүгө албайт”- деген шаблондордон арылып келатабыз. Акшумкарларыбыз бир эле спорттун эмес, бүтүндөй улуттун үмүтүн жандырды.

 

Ызаат Тургунбаева, жарандык активист:

 

- Биздин 2-класс уулубуз эртен менен тура калып, ботодой боздоп ыйлап, “кимге арызданса болот? Фу Миндин акыйкатсыздыгын кантип далилдейбиз?”- дейт. Жини келгенде катуу эле сөгүнөт экен бомпойгон жоош балабыз! Тилинин моокуму канганча согунуп алып, чайды да чала ичип, араң кетти окууга. Каныбызда бар көрүнөт, кыргызда түтөп, намыстанып кан кайнап чыгуу.

 

Самат Жумакадыров, журналист:

 

- Ооба туугандар, матч кандай болгонуна баарыбыз күбө болдук. Оюнга чейин ичибизден калыстын үй ээсине тымызын тартып коюшу мүмкүн экенин сезип турганбыз. Бирок мынчалык бир тараптуу болорун ким билиптир? Анткен менен кептин бардыгы системада. Кытай калысы Фу Мингдин ордунда башка адам оюнду тейлеген күндө да акыраягы ушундай эле көрүнүшкө күбө болмокпуз. Себеби, Азия кубогун жарнамалоо үчүн калыстар үй ээлерине тартууга аргасыз. Стратегиялык жактан алып караганда АФК үчүн Кыргызстандан мурун БАЭнин оюн улантканы маанилүү. Эгерде арабдар утулганда кийинки оюнда стадиондор бошомок. Ансыз деле Азия кубогу бүгүн бош стадиондордо оюн өткөрүп, бул чыгым алып келген турнир экени ачык эле көрүнүп турбайбы. Үй ээлери ойноп жатканда гана стадиондорго эл келгенин көрүүгө болот. Бирок, бул деле жакшы көрсөткүч болуп бере албай жатат. Кечээ БАЭде 50 миң адамдык “Шейх Зайед” стадионунда көптөгөн орундуктар бош турду. Андыктан Азия контитентинде футболду жайылтып, турнирдин баркын жогорулатуу үчүн күйөрмандардын саны өтө маанилүү. Билеттердин активдүү сатылышы жана күйөрмандарды толтуруу иши учурда араб күйөрмандарынын аркасы менен ишке ашууда. Мындайды көрүп турган Азия футбол конфедерациясы (АФК) калыстардын үй ээлерине жан тартканын кечирип жатат. Европада калыстын мындай шалаакылыгы чоң чырга себеп болмок. Бирок, АФК башка конфедерацияларга салыштырмалуу дагы деле өнүгүү жолуна түшө элек. Дүйнө чемпионаты видео кайталоону көрүүгө мүмкүн болгон VAR системасын киргизип, аны өнүктүрүүгө кадам таштап жатканда, АФК ага астейдил мамиле жасап жатканынын себеби ушунда. АФКда быйыл VAR системасы бар, бирок ал чейрек финалдан баштап гана ишке кирет. Мунун бардыгы кайрадан эле АФКны н жетекчилеринин спорттон мурда саясатты бийик койгонунда болууда. Ушундан улам, дүйнөлүк медиа бүгүнкү матчтын калыстыгын канчалык сындабасын, АФК анын бирине көңүл бурбайт.

 

Бахадыр Кочкаров, футбол арбитри:

 

- Главный рефери матча между сборными ОАЭ и Кыргызстана Фу Минг из Кыргызстана допустил грубейшие ошибки, которые повлияли на исход матча. Когда нам забивали первый гол – было положение вне игры. Что касается пенальти, то мне кажется, его там не было. Но мы знаем, какое решение принял рефери. К сожалени ю, судья допустил грубейшие ошибки, испортил весь праздник. Действия судьи повлияли на исход матча. Я думаю, что в этой игре мы выиграли. Проиграли те, кто нечестно судил. Им с этим жить всю жизнь...

 

 

 

“Майдан. kg” гезити