Бишкек, "Саясат. kg". Спортчу Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн турнирден жеңиш менен кайтты. 

 

Спортчу Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык турнирде аялдардын күрөшү боюнча жеңишке жетишти. 

 

Бул тууралуу күрөш Биримдигинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, турнир Мадридде 14-15-июлда өткөн. Тыныбекова анда 59 килограмм салмактагылар менен таймашкан. Төрт атаандашын жеңип, 1/8 финалда АКШдан келген спортчу  Раганды,  1/4 финалда  Россиядан келген  Кристину Елоеваны, жарым финалда  казакстандык спортчу  Алтынай Сатылганды, алтын медаль үчүн жалгыздыкта казакстандык  Мадину Бакбергенованы артка калтырды.

 

Айсулуу Тыныбекова үчүн бул турнир Азия оюндарына даярдануу этабы катары таанылды.