Франциянын футбол боюнча курама командасы Москвадагы «Лужники» стадионунда өткөн финалдык беттеште Хорватия курамасын 4:2 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

 

 

Франциянын футбол боюнча курама командасы Москвадагы «Лужники» стадионунда өткөн финалдык беттеште Хорватия курамасын 4:2 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

 

Франциялыктар алгачкы кубокту 1998-жылы уткан. Хорватия командасы буга чейин дүйнө чемпионатынын финалына чыга элек болчу.

 

Эки команданын оюнчуларына медалдарды беттешке күбө болгон Франциянын, Хорватиянын жана Орусиянын президенттери (Эммануэль Макрон, Колинда Грабар-Китарович жана Владимир Путин) тапшырышты. Дүйнөнүн алтын кубогун француздарга ФИФАнын президенти Жанни Инфантино тапшырды.

 

Финалдык беттеш маалында Pussy Riot тобунун төрт мүчөсү оюн талаасына чуркап чыкты. Алар бул акция менен өлкөдөгү саясий туткундарды бошотууну, репосттор үчүн кылмыш ишин козгоону жана митингдердеги мыйзамсыз кармоолорду токтотууну талап кылышканын «Фейсбук» аркылуу билдиришти.

 

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда алгачкы жолу өттү. Ага 32 команда катышып, оюндар 11 шаардагы стадиондордо болду. Бул күндөрү күйөрмандар үчүн виза чектөөлөрү убактылуу жоюулуп, өлкөгө жүз миңдеген чет өлкөлүктөр келишти.

 

Эми футбол боюнча кийинки дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөт.