Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи туру аяктады. Кечээ “Н” тобунун алкагында Жапония - Сенегал жана Польша – Колумбия өлкөлөрүнүн курама командалары ойноду.
Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи туру аяктады. Кечээ “Н” тобунун алкагында Жапония - Сенегал жана Польша – Колумбия өлкөлөрүнүн курама командалары ойноду.
Буга чейин жеңилүү ызасын тарткан Польша менен Колумбиянын оюнунда Европа өлкөсү кайрадан атаандашына 3:0 эсебинде утулуп, натыйжада тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ал эми Колумбия үч упайы менен 1/8 бөлүккө чыгуу үчүн аракетин уланта алат.
Бул тайпада Жапония менен Сенегалдын оюну 2:2 эсеби менен аяктады. Ошондой эле “G” тобундагы оюнда Англия курама командасы Панама өлкөсүн 6:1 ири эсебинде утуп алды. Бул оюнда Англиянын чабуулчусу Харри Кейн үч голду өзү жалгыз киргизди.
Бүгүн тайпалык оюндардын акыркы үчүнчү жыйынтыктоочу туру уланат. Анын алкагында “А” тобунда Орусия – Уругвай, Египет – Сауд Арабия жана “B” тобунда Испания – Марокко, Иран – Португалия өлкөлөрүнүн оюндары өтөт.
Азаттык