Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк-пар боюнча финалдык беттештен кийинки ойлор

Көк бөрү федерациянын эксперти Рамис Кудайбергенов көкпар беттешинен кийин коомчулукту калыстын, айрым оюнчулардын айынан жалпы казак элине сөз тийгизбөөгө чакырды 

"Мен азыр жалпы казак элине сөз тийгизип алгандан уялып атам. Бул мамлекетте эмне деген аалым, даанышман, акылдуулар бар. Милиция кызматкерлеринин арасында да "оюн оюну менен, уят болуп атабыз" деп жүрдү. Бардыгы мындай дегенден алысмын. Алар үчүн бир элди жаман көрбөйлү. Казактын алтындарын көрүп атабыз", — деген Кудайбергенов. 

Ал эми казакстандык спорт журналисти Айбек Кабылша казактын улакчылары уят болушканын жазып, кыргыз элинен кечирим сурап, бул үчүн жалпы казак элине тил тийгизбөөгө чакырган. 

"Биздин көкпарчылар уят кылышты. Аны моюндайбыз. Кирерге жер таппай отурабыз. Бардык казак калкына тил тийгизбеңиздер. Мындайды биз да күтпөгөбүз", — деп жазган казак журналисти. 

Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финал Казакстандын пайдасына 4:5 эсеби менен аяктады. .

Булак: Sputnik-Kyrgyzstan