Бишкек, "Саясат.kg". Бишкекте футбол майрамы орун алды.

Бүгүн Бишкекте, Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо турунун 3-баскычында Кыргызстан курама командасы Өзбекстанды кабыл алды.

Оюндун биринчи бөлүгү 2:2 эсеби менен жыйынтакталып, биздин курама команда үчүн Жоэл Кожо менен Одилжон Абдурахманов гол жараткан.

Оюндун экинчи бөлүгүндө Өзбекстандын оюнчусу Остон Урунов өзүнүн командасына жеңиш алып келди.

"Ак-шумкарлардын" Азиядагы эң мыкты командалардын бири менен тен ата ойноп, эки гол жарата алгандыгы мактоого татыйт