Бишкек, "Саясат.kg". Беттеш машыгуунун алкагында 11-сентябрда Дубайда өтөт.

Кыргызстандын футбол курама командасы Кувейттин курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөөрүн Кыргыз футбол союзу билдирди.

Беттеш машыгуунун алкагында 11-сентябрда Дубайда өтөт. "Акшумкардын" оюнчулары экинчи беттешин БАЭ про-лигасынын клубдарынын бирине каршы өткөрөт.

Кыргыз футбол союзу машыгуу жана оюндар боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берет.