4-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан Токтайым Үмөталиеванын БШКга каршы арызы каралды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Анын айтымында анда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эркин Искаков Токтайым Үмөталиеванын 100 миң сомун кайтарып берүү маселесин карап чыгууга БШКны милдеттендирди.
БШК 2011-жылдын 6-октябрында Токтайм Үмөталиеваны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан эле, бирок ал 100 миң сомдук шайлоо фондун түзгөн.
Булак: Кабар.