“Алтын мафиясына” байланыштуу камалган чиновниктер менен депутаттардын катарында Төрөбай Зулпукаров да бар болчу. Бирок анын бул ишке канчалык деңгээлде тиешелүү экендиги тергелип, акчага жалданган “фейк” колдоочулары социалдык тармактарда коргоп, актап-жаткан учурда УКМК депутат-ажыкенин дагы бир былык ишинин бетин ачты.
Көрсө, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин "КСДП" фракциясынын депутатынын жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу диплому жасалма экен. Болгондо да башка бирөөнүн атына берилген номурдагы дипломду алыптыр.
«З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген. Азыр бул факты боюнча да тергөө иштери жүрүп жатат.
Баса, мындан мурда Т. Зулпукаров саясатка аралаша элек, катардагы “мент” кезиндеги “иштери” тууралуу да айрым маалымат каражаттары далилдүү фактыларга таянуу менен сенсациялуу окуяларды жазышкан болчу. Андыктан УКМК ошол 1990-жылдары андагы спортсмен-милиционер кантип саясатка аралашып, андан кийин мурдагы президенттер А. Атамбаев жана С. Жээнбековдордун “сүймөнчүгүнө” айланып,жасалма диплом менен вице-спикерликке жеткендигин жана өзүнүн кичи мекенине көз жоосун алган мечит курууга акчаны кантип, кайдан тапкандыгын терең иликтешсе, мындан да төбө чачты тик тургузган маалыматтар ачыкка чыгат эле...
Булак: “Майдан. kg” гезити