"Мен эмнеге дайыма Батышты мактайм?" - деп жазды экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына. 

"1. Батышта адамдар татыктуу жашашат, алардын орточо айлык акысы биздин акчага алганда 300 миң сом айына.

2. Батышта мамлекет адамдарды сыйлайт жана алардын укугун сактайт.

3. Дүйнөдөгү илимий жана технологиялык ачылыштардын 90 пайызы Батышка таандык.

4. Булардын баары Батыш демократиялык башкаруу системасын түзө алды дегенди билдирет...

Мен Батышты жакшы көрөм жана менин элим  Батыштагыдай жашашын  каалайм... Жаңы Мерседести айдап, Евробатир же үйдө жашап, Батыштын стандартында билим алып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө саякаттап. Сенин ата-энең жакшы пенсия алып, саясатка чыгышсын Батыштагы пенсионерлердей болуп... 

Мен өзүмө эмгегим менен акча иштеп таптым, Батыш стандарттары менен алма багын өстүрүп. Кимдир бирөөдөн акча алуу менин моралдык жана абийирдик стандартыма туура келбейт..." - деди саясатчы.