Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 4-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйында катуу эмоцианалдуу сөздөрдү айткандыгы үчүн бардык депутаттардан кечирим сурады.

 

Эскерте кетсек, кечээ З.Рысалиев депутат С.Жапаровду «Рыспек Акматбаевдин жана Камчы Көлбаевдин жуугундусун ичкен» деп күнөөлөп, депутаттарды «урганым жок» деген.
 
«Бул айткан сөздөр үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм. Эмоцианалдуу сөздөр болуп кетти, ага кызыгып кетиптирмин. Аны өз мойнума алдым. Садыр Жапаров менен сүйлөштүм, ал кишиде наазычылык жок. Мени туура түшүнүп койсонуздар, былтыртан бери милицияга терс гана сөздөр айтылып, күнөөнүн баары мага түшүүдө», - деди министр.
 
Ошондой эле, министр депутаттарды эртеңки милициянын майрамын майрамдоо боюнча кечеге чакырды. «1-ноябрдагы милициянын күнүн майрамдоону эртеңкиге жылдырган элек. Келип милиция кызматкерлерин куттуктап кетиңиздер, алардын ичинде мени дагы куттуктап коңуздар. Кечеге Садыр Жапаровду дагы чакырып кетем. Садыр Жапаров менен элдештик. Кечээки айткандарды туура түшүнүп коюңуздар. Бул дагы демократия болуш керек. Демократияны үйрөнүп жатпайбызбы», - деди министр.
 
Ал эми спикер Ахматбек Келдибеков тиешелүү комитетке З.Рысалиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча тапшырманы ала тургандыгын айтып, министрге акыркы эскертүү берди. «Мындай сөздөр акыркы жолу болсун. Мындан кийин эгерде кайсы бир өкмөт мүчөсү парламентте кайсы бир депутатка жаман сөз айтса, аны кечирбейбиз жана ага чара көрөбүз», - деди А.Келдибеков.
Баракелде