Жалал-Абад шаарында төрт боз үй тигилип, шайлоонун натыйжасына нааразылардын жана Камчыбек Ташиевдин тарапташтары акырындан чогула баштады. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

 

Анын айтымында, аянттагы митинг күнүгө түшкө жакын башталууда. Эскерте кетсек, нааразылар мөөнөтсүз митинг жарыялашкан жана кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.
Баракелде